Баткен облусу боюнча 250 комузчунун катышуусунда комуз күнү белгиленди.
Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды.
Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.
1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында …
Сүлүктү шаарында эгемендүүлүк күнү өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Алгач салтанаттуу жыйын Исхак Раззаков атындагы борбордук аянтта болуп, бардык мекеме ишканада иштегендер параддан өтүштү. Жыйындын салтанаттуу бөлүгүндө эмгектеин алдыңкылары сыйланды.
Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди. Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат убакыт бар… Аны …
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»,- дейт усулкаана …
Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек …
Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.
Учурда жалпы Сүлуктү шаары үчүн маанилүү болгон Ош-Исфана-Сүлүктү авто унаа жолунда каттамдар кадимки абалга түштү. 22-июль күнү башталып кеткен чыр чатак кандайча башталды, окуялардын өнүгүүсүнө саресеп салып көрдүк.
Бишкек шаарында уюшулган «Жаңы импульс»- аталыштагы Ишкер аялдардын Улуттук конференциясына, Кыргызстан боюнча тандалып чакырылган катышуучулардын катарында Сүлүктүлүк жеке ишкер Райхан Абдурасулова болду.
Сүлүктүлүк новатор-ишкер Жусубали Болдубаев тарабынан иштелип чыккан, өзгөчө кирлерди кетирүүчү каражаттар Бишкектеги «Бардыгы 50 сом» соода маркасы менен белгилүү болгон дүкөндөрдө сатыла баштады.
Сүлүктүлүк гимназист, Алтын Сертификат жана Алтын тамга ээси Эркинова Айзада Бакытбековна бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды.
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясы 2019-2020 окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууну улантат.
Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептерде саат 10-00 салтанаттуу жыйын болуп, 9-классты бүтүргөндөргө күбөлүк тапшырылды.
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялады. Маалыматтарга ылайык Сүлүктү шаарынын тарыхында алгачкы жолу 223 балл …
2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.
Сүлүктү шаарында Султанов көчөсүнүн жамааты автоунаа жолдорун өз күчү менен оңдоп алышты. Бул көчөдөгү үйлөр 1970-1973 жылдары курулган. Ошол мезгилде Ош курулуш техникумунун студенттери практика учурунда жардамга келгендиктен көчөнүн аты …
Баткен облусунун жаштарынын арасында уюштурулган дебат клубга Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын гимназисттери да активдүү катышып жатат.
Орозо Айтын 5-июнга белгилөө боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругу жер жерлердеги мечиттерге жайылтыла баштады. Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов