Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

Терек-Суу айылындагы авариялык абалдагы мектеп качан оңдолот?

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын  окуучулары бул мектептен билим алып келишет.

6 Декабрь 2016 жыл 19:31

Чоң-Арыкта жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Токтогул районунун Чоң-Арык айылында даярдыктар жүрүүдө. Айылда жалпысынан депутаттыкка 18 адам талапкерлигин койгон, аларга добуш бере турган 1750 шайлоочу бар.

2 Декабрь 2016 жыл 22:23

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо кандай жүрөт?

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен бул тууралуу маек курдук.

2 Декабрь 2016 жыл 12:54

Терек-Сууда дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары …

1 Декабрь 2016 жыл 19:19

Маек: СПИД кылым душманы

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнү. Бул боюнча Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева менен маек курдук.

1 Декабрь 2016 жыл 19:15

Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылда эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.

1 Декабрь 2016 жыл 18:44

Чоң-Арыктын сулуусу аныкталды

Чоң-Арык айылынын Коргол мектебинде “Күз периси» сынагы болуп өттү. Сынакка 8-11-класстын окуучулары катышып, Нурсезим Нурдин кызы жеңүүчү болду.

30 Ноябрь 2016 жыл 14:56

Жамандыктын башаты, ичкиликтен башталат!

«Акбакай» жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын арасында «18 жашка жете электерге спирттик ичимдиктердин сатылышы» боюнча сурамжылоо жүргүздү.

29 Ноябрь 2016 жыл 19:22

Терек-Суу айылынын тикмечи айымы Гүлнара Шекилбаева

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Шекилбаева кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.

28 Ноябрь 2016 жыл 20:50

Терек-Сууга биринчи кар жаады

Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.

28 Ноябрь 2016 жыл 20:24

Райондук сулуулар сынагында Терек-Суунун бийкечи ат салышат

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын маданият үйүндѳ сулуулар сынагы болуп ѳттү. Ага Кетмен-Төбө айыл айымагынын Терек-Суу, Ак-Тектир, Чоӊ-Арык, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу жана Кара-Күнгѳй айылдарынын сулуулары катышып, Терек-Суу айылынын сулуусу баш байгени илип кетти.

24 Ноябрь 2016 жыл 18:28

Турусбек мектебинде ”Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака алты кыз катышып, баш байгени Канымгүл Темиркан кызы жеӊип алды.

19 Ноябрь 2016 жыл 22:33

Терек-Сууда гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин …

17 Ноябрь 2016 жыл 18:49

Терек-Сууда окуучулар жашоочуларды тазалыкка чакырды

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.

16 Ноябрь 2016 жыл 18:47

Терек-Суунун «Ак элечек апалары»

2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ аялдардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет. Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен. Биз ал топтун мүчөлөрү менен маектештик.

15 Ноябрь 2016 жыл 20:12

Терек-Сууда мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдыктар башталды

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдана баштады. Азыр алар негизги тесттер болуп эсептелген математика жана кыргыз тил сабактарынан курстарга барып жатышат.

14 Ноябрь 2016 жыл 22:12

Терек-Сууда шамдагайлардын таймашы өттү

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган шамдагайлардын спорттук таймашы болуп ѳттү. Бул сынакта 8-б классы шамдагайлар деп табылды.

14 Ноябрь 2016 жыл 19:36

Алма бизнесин 20 жылдан ашык аркалаган Кеңеш Итиманов

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы алма бакты карап, 24 жылдан бери ишкердик менен алектенип келген Кеңеш Итиманов менен маек курдук.

13 Ноябрь 2016 жыл 19:21

Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ?

«Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ?» деген суроону Терек-Суу айылындагы 11-класста окуп жаткан окуучуларга узатып, алардын келечектеги кесиби тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

12 Ноябрь 2016 жыл 18:43

Терек-Сууда окуучулар олимпиадага даярданууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылындаыг Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары олимпиадага даярданышып жаткан учуру. Окуучулардын айтымында, олимпиаданын шарты жылдагыдан татаалыраак.

11 Ноябрь 2016 жыл 20:23
Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...