Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аймактардагы гуманитардык жардамдар

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана …

2 Август 2020 жыл 12:36

Учурдагы пандемияга каршы демөөрчүлөрдүн демилгеси менен карапайым эл да жардам колун сунууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар  COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу …

2 Август 2020 жыл 12:08

Карасаев айыл аймагына Covid-19ду жеңүүгө ар тараптуу жардамдар келди

Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.

1 Август 2020 жыл 17:35

Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

1 Август 2020 жыл 16:50

Ача-Кайыңдыга Екатеринбургдагы мигранттардан 200 миң сомдук жардам келди

Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.

30 Июль 2020 жыл 18:22

Айыл жаштары райондук ооруканага концентратор жана жергиликтүү ФАПка дары-дармек, медициналык каражаттарды алып келишти

Сары-Булуң айыл аймагынын, Табылгыты айылынын тургундары Жоомарт Кубанычбеков жана Зухураб Жыргалбеков райондук ооруканага жардам көрсөтүштү. 2 даана кычкылтек концентратор, 10 даана пульсоксиметр, 100 даана респираторлорун оорукананын башкы дарыгерине тапшырышты.   …

29 Июль 2020 жыл 16:34

Айыл тургундары жергиликтүү ФАПка концентратор жана дарыларды алып келишти

1-Май айылынын тургундары демилге көтөрүп, жергиликтүү ФАПка 1 кычкылтек концентраторун, 2 небулайзер жана керектүү дары-дармектерди алып келип тапшырышты.

28 Июль 2020 жыл 15:52

Россияда иштеген жердештер Кеңеш айыл аймагына жардам кѳрсѳтүштү

Азыркы кырдаалга байланыштуу, Россияда эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге кѳтѳрүп, Кеңеш айыл аймагына 1 кислородный концентратор, 5 ингалятор, дары-дармектерди алып берип жиберишкен.

28 Июль 2020 жыл 14:40

Күндүзгү бөлүмгө 2 кычкылтек концентратору келди

Кочкор районунун Чолпон айылындагы күндүзгү бөлүмгө 2 кычкылтек концентратору белекке берилди.

23 Июль 2020 жыл 22:31

Депутат Махабат Мавлянова өз эсебинен 1 050 000сом суммасында жардам көрсөттү

Кулатов айыл аймагындагы  COVID-19 вирусунан жабыркаган адамдардын саны көбөйүп, абал курчуганына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова Кулатов элине жардам колун сунду. Жалпысынан депутат өз эсебинен 1050000 сом …

22 Июль 2020 жыл 23:30

Суусамыр айылдык ооруканасына Кушубаковдордун үй- бүлөсүнүн атынан тез жардам унаасы белекке берилди

АКШда эмгектенип жүргөн Суусамыр айылында туулуп- өскөн спорт чебери Керимбек Кушубаков үй- бүлөсү Токтоболот Кушубаковдун атынан Суусамыр айылдык ооруканасына тез жардам кызматы үчүн “Honda stepwagon» үлгүсүндөгү унаа жана кычкылтек концентраторун …

22 Июль 2020 жыл 22:42

Элдин аманаты-элге келип жатат

Бүгүн Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага, күндүзгү дарылоочу жайга жана Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарына экиден, жалпы алты даана кычкылтек концентратору берилди. Аталган каражаттарды Баетов айылдык кеңешинин депутаты Курманбек Абакиров үй-бүлөсүнүн атынан бир …

22 Июль 2020 жыл 22:14

Кеңеш айыл аймагы жаңы тез жардам автоунаалуу болду

Ноокат районуна караштуу Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам автоунаасы белекке берилди. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу Кеңеш айыл аймагын тейлейт.

21 Июль 2020 жыл 11:17

Америкалык жердештер Ат-Башыга 4500 долларга дары-дармек алып беришти

Азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Америкада эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге көтөрүп, Ат-Башы районуна 4500 долларга дары-дармек алып берип жиберишкен. Ал дарылар социалдык жактан муктаждарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер берилет.

20 Июль 2020 жыл 22:55

Тогуз-Торо жаштар кеңешинен жардам

Тогуз-Торо райондук администрациясынын алдындагы демилгеси менен уюштурулган, кайрымдуулуктун алкагында жана атын атагысы келбеген жарандын атынан райондук ооруканага, 1 жасалма дем алдыруучу аппарат дарыгерлерге түшкү ысык тамагы менен берилди.

20 Июль 2020 жыл 15:59

Бүтүрүүчүлөр дарыгерге жардам беришти

Базар-Коргондо калк саламаттыгына камкордук көрүүнүн дагы бир акциясы болду. Мындан 20 жыл мурда мектепти бүтүрүп кеткендер юбилейлик жолугушуу иш-чарасын уюштурууну токтотуп, ага карата чогулган каражатты адам өмүрүн сактап калуу ишине берүүнү …

20 Июль 2020 жыл 15:50

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинен жардам

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү аталган коомдук бирикменин төрайымы Кишимжан Таштакеева, экс-губернатор Койсун Курманалиева, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Арзыкан Момунтаева, коомдук ишмер Мурат Шамил, журналист Козубек Иманкулов, баатыр …

19 Июль 2020 жыл 12:03

Андарак ооруканасына жеке ишкер кычкылтек концентраторун берди

Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Андарак участкалык ооруканасына жеке ишкер Авазбек Халботоевдин атынан 550 долларлык кычкылтек концентратор жардам катары аталган ооруканага тапшырылды.

18 Июль 2020 жыл 23:50

Кочкордо айыл тургуну дем алдыруучу аппарат жасап чыкты

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну дем алдыруучу аппаратты колго жасап чыкты.

18 Июль 2020 жыл 21:14

Суусамыр айылдык ооруканасына 4 кычкылтек концентратору келди

Бүгүн 15-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан 2 кычкылтек концентратору жана Суусамырдын уулдары Чыныбаев Чынасыл жана Аземов Абай тарабынан 2 кычкылтек концентратору, СИЗ костюмдары, пульсоксиметрлер жана …

16 Июль 2020 жыл 0:27

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...