Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М. Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов жана Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы …
Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Токтогул районунун бир катар айыл аймактарын кыдырып айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда: 1. Согуш жылдарындагы ырларды …
Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек менен маекти сунуштайбыз. — Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө …
Ак-Талаа районунда жаш ойлоп табуучулар арасында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, анда алдыңкы орундардын жеңип алган окуучулар, облустук турга жолдомо алышты.
Каргалык жана Сары-Булуң айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Зууракан Акунова дайындалды. Ал буга чейин Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеп келген.
Нарын районуна караштуу Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Эдилбек кызы Акылай «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» наамына ээ болду.
Ак-Талаа районунда жылдагыдай айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин үч окуучусу Өзбекстанга менталдык арифметика боюнча олимпиадага барып келишти. 4-5-класстын окуучулары 3-орунга ээ болушту.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагында 30-март күнү ишембилик өткөрүлүп, айыл аймагындагы көчөлөр, мекемелердин короолору, талаа бойлору таштандылардан тазаланды.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандардын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында «Жоокер ыры» аскердик ырлардын зоналык сынагы өткөрүлдү. …
Рамазан айынын орозосун кармоодо эл арасында эрежелер туурасында көп суроолор жаралат. Свердлов районунун имам хатиби Улан каары Курманбаев орозонун маанисине токтолуп, бул айда кандай амалдарды кылуу керектигин айтып берет.
Нарын облусунунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун негизинде семинар болуп өттү. Ага Кочкор районунун ар бир мектебинен жалпы 43 мугалим жана Кочкор райондук …
Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …
19-март күнү Кочкор айылында «Аймактардын өнүгүүсүнө туризм жол ачат» деген темада тегерек стол болуп өттү. Жыйында бул тармактагы маанилүү жана көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү райондук администрация, айыл өкмөт …
Кызыл-Кыя шаардык мэриясында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча чогулуш болуп өттү. Ага тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер катышып, мындай бала бакчлар учур талабы болуп турганын белгилешти. үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу …
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицейде Нооруз майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү. Аны №43-кесиптик лицейдин Аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов уюштурду. Нооруздун майрамдык шаңын арттырып, салтанаттын маанисин …
Ош рбулусуна Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында кызамык оорусу менен 8 адам катталды. Азыркы учурда алардын ден соолуктары жакшы.
18-мартта Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар орто мектебинде “STEM кербен-2024” иш-чарасы өттү. Бул иш чарага окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр катышышты. STEM кербендин максаты — STEM билимин …
“Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстанда айыл жеринде ишкерликти күчөтүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун “Санарип Туризм” платформаларын колдонуу тренингдерин Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан …