Базар-Коргондо «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагы өтүп, анда биринчилике жаш адис Айпери Салибаева чыкты.
Бишкек шаарында 4-9- апрель күндөрү «Насаатчылык колдоо аркылуу информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы» долбоору боюнча насаатчылардын жолугушуусу өткөрүлдү. Бул жолугушууну БААУнун астындагы Билим берүү институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо …
Сынакка даярданууда, балдарга болгон сүйүүм, заманбап методикам, көп тилдүүлүк программасын ишке ашырганым, заманбап санариптүү иштей алганым жана кесиптештеримдин, жакындарымдын колдоосу болду.
Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.
«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинде 30-жылдан бери талбай эмгектенип келе жаткан тарых мугалими Марина Коновалова окуучулардын сабакка кызыгуусу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп сабак өтөт. Бул жолу ал мектеп окуучуларын тарых …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн ишембиликте жүздөгөн көчөттөр отургузулду. Бул иш-чара жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө, ошондой …
Учурда айтылып жаткан 12 жылдык мектеп билим берүүгө өтүү демилгеси коомчулуктун көңүлүн буруп түшүнбөстүктөрдү ошондой эле ача пикирлерди жаратып турат. Мындан улам билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы …
Бир жыл мурун өзүм Санарип мугалим болуп, биринчи орунду ээлеп Түркияга жолдомого сыйлык алдым эле. Эми минтип Чүй менен Ысык-Көл облусуна координатор болуп иштеп, бүгүн сыйлык тапшырдык,- деди Жылдыз Көкчеева, …
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун уникалдуу Энелер мектеби долбоору эми Суусамыр өрөөнүндө ата-энелер менен жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга уюштуруучулар, жаштар, мугалимдер жана ата- энелер катышышты.
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаковдун 80, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына карата класс жетекчилердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу, аларды колдоо, стимул, дем-шык берүү максатында республикалык “Мыкты класс жетекчи-2022” онлайн кароо-сынагы …
Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин отуз окуучусуна «NАМА» фондунун «NICE Kyrgyzstan» уюму тарабынан «Bright» программасы боюнча уюштурулган билим берүү лагери өткөрүлдү. Лагерде окуучулар келечекке туура максат коюу, …
Уйку — дени сак жашоонун негизги компоненти. Чоңдор күнүнө 7 же андан көп саат бою укташы керек. Айрым адамдар, айрыкча жаштар жана өнөкөт оорулары бар адамдар бир суткада 9 сааттан …
Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин ата-энелери үчүн «NАМА» фондунун «NICE Kyrgyzstan» уюму тарабынан «Parents» программасы боюнча уюштурулган атайын эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Тренингдин негизги максаты ата-энелер менен мектеп …
Мугалимдин педагогикалык маданиятын жогорулатуу жана мугалимдер жамаатынын иштеринин сапатуу болуусу үчүн Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин администрациясы эс алуу убагына карабастан педагогикалык кеңешме өттү. Педагогикалык кеңешменин катардагыдан өзгөчөлүгү «Заманбап мугалимдин …
Учурда эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул арада Ак-Талаа районунда 119 каттоочу, 3 координатор жана 12 инструктор атайын окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан …
Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде мугалимдердин статусун көтөрүү, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү максатында «Жыл мугалими-2022» кароо-сынагы болуп өттү. Ага мектептин алты мугалими катышып, жобого ылайык ачык сабак өтүү, мастер …
Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин тарых мугалими Абдыразак Казакбаев Эгемендүү Кыргыз Республикасы жана Ишеналы Арабаевдин 140-жылдыгына карата тарых сабагынан 2022-жылдын март айында “БИЛГЕ” билим таймашын өткөрдү.
Суусамыр айылында жаңы салынып курулушу аяктап калган балдар бакчасы акырындык менен балдарды кабыл алууга даярданып жаткан кези. Бала бакчанын курулушу Айыл өкмөтүнүн АРИС проектисинин негизинде 2020-жылы башталган.
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тили жана адабияты боюнча Республикалык олимпиадада I — орунду Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин 11 — классынын окуучусу Айбермет Өмүрбекова ээледи.