Сумбула айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын, ички жолдорду оңдоп түзөө үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, жаңы заманбап трактору келди.
Сумбула айыл аймагындагы Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандыруу долбоору ишке ашып, бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга жакшы маанай тартуулап, айылдын инфракструктурасы өнүгүп, элдин коопсуздугуна жакшы шарт түзүлдү.
Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо, тактоо максатында 2018-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин жалпы эсептөө башталды. Жалпы эсептөө кампаниясына айыл өкмөтүнүн адистери, жайыт комитети …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып …
Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ачылды. Бул ФАП Куу-Майдан айылынын тургундары үчүн кызмат кылат. Бул ФАП элдин салымы менен жана атайын спонсорлор тарабынан курулду. Бул …
8-ноябрь күнү Ак-Талаа районундагы Баетов айылында борбордук мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш азем Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек, айыл өкмөт башчы Талантбек Турусбеков, дин …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Абдыбаев Абдыкерим көчөсүнө жарыктандыруу коюлду. Бул айылдагы жарыктандырылган биринчи көчө. Жарыктандырууга муктаж дагы айылдын көптөгөн көчөлөрү бар.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында футбол аянтчасы курулуп жатат. Бул аянтчаны мектептин окуучулары чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул аянтча Куланак айылында көп убакыттан бери курулуп келет. Бул жөнүндө Абдылда Аралбаев атындагы …
Суусамырдагы суу түтүктөрү көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй келген. Жакында ал түтүктөр оңдоо иштеринен өткөрүлдү. Бирок ал дагы көңүлгө толоорлук эмес.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын жаштары айылдын ички жолдорун оңдоо үчүн көчөлөргө кумдуу топурак төктүрүп беришти. Төгүлгөн топуракты мектеп окуучулары жайып, түздөштү.
22-сентябрь күнү өтүлүүчү Сүлүктүнүн 150 жылдык мааракесине карата даярдык кызуу жүрүүдө.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында быйыл керектүү иштер аткарыла баштады. ФАПтын имараты курулуп жатат жана 1960-жылдары курулган электр зымдары которулуп, жаңы цемент устундар жана кабелдер тартылып жатат.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курула баштаганына аз убакыт болду. Учурда дубалдары жана чатырлары тургузулуп жаткан убагы.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары менен бирге жаңы долбоор жазуунун үстүндө иштөөнү башташты.
Сүлүктүдө 150-жылдык юбилейди утурлап өткөргөн марафонго жергиликтүү тургундар активдүү катышып, шаардын мэри Р.Э.Абдыназаровдун демилгесин бир добуштан колдоп жатат. Марафон башталганына 45 минута болгондо 428 миң сом чогулду. Марафонго Лейлек районунун …
Жайыл районунун Кара-Суу айылында ФАП (фельдшердик акушердик пункт) салына баштады. ФАПтын имараты Кара-Суу айыл аймагынын Женбаева Насипа жетектеген өкмөттүнүн администрациясынын жана айыл тургундарынын долбоорлор менен иштешинин жетишкендиктери.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын жолдору Байкул Бий, Маткасым ата, Мамат ата көчөлөрүнө шагыл төгүлүп жолдор оңдоодон өтүп жатат. Себеби, жолдордон оор жүк ташуучу унаалар көп өткөндүктөн жол начар абалга …
Талас шаарында “Байкөл” эс алуучу жайы жаңыланууда, себеби ал 5 жылдан ашуун иштебей, жаңыдан иштеп баштады. Талас шаарындагы “Байкөл” эс алуучу жайдын ээси Саяткан Жекшеналиевдин айтуусу боюнча: ““ Байкөл” былтыртан бери …
Кызыл Туу айыл аймагынын жетекчиси тарабынан ар бир айылга сарамжалдуу сырткы шамдар бекер орнотулуп, айыл тургундарынын купулуна толду.