Нарын районуна караштуу Куланак айылында оруп-жыюу мезгили аяктап калган учур. Ошол эле учурда былтыркы күз мезгилине салыштырмалуу баалардын бир топ эле жогорулаганын байкоого болот.
Кыргызстандагы 30 жашка чейинки жаштар жакырчылык жана жумушсуздук кеңири жайылган аймактарда жашашат. Тоолуу жана суук аймактардын сап башында турган Нарын облусунда да жумушсуздук көйгөйү курч.
Күн санап курулуш компаниялары салган үйлөрдүн саны өсүп, сатып алуучулар дагы көбөйүүдө. Үй сатып алууда кандай катчылыктарга жол бербөө керек? Бул суроонун тегерегинде кыймылсыз мүлк боюнча эксперт Нургазы Жусубалиев Жамааттык …
Пандемия күч алганда айылдагы жаштар эмне алек болгонун Тогуз-Торо районунун айрым улан-кыздарынан сурап көргөнүбүздө айрымдары өзүн- өзү өнүктүрүү менен алектенсе, башкалары кайрымдуулук иштерине тартылышкан.
Суусамыр айыл аймагында акыркы 5 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 430 адамды түзөт. Бүгүнкү күндө айылда вируска чалдыккандар кыйла азайды.
18-сентябрда дүйнөлүк тазалык күнү белгиленет. Бул күнү Кыргызстанда дагы масштабдуу акцияны өткөрүү пландалууда. Ага 600 миңден ашык адам катышуусу маанилүү дейт «Эко Деми» коомдук фондунун координаторлору Нуржигит Сейитбеков жана Калыс …
Квартира сатып алууда көпчүлүк кыялындагы үйдүн ачкычына эртерээк ээ болууга шашылат. Бирок, келишимге кол коюп, курулуш компаниясына акчаны санап бергенге чейин бир канча маанилүү кадам бар.
Кыргыздын улуттук тамактарынын бири быжы акыркы убактарда дасторкондо көп коюлбай калганы байкалат. Эмне себептен мындай болууда же быжы жасоо кыйынчылыкка алып келеби? Бул суроого Казан-Куйган айылындагы Айтбек Мукамбетов атындагы маданият …
Оттук жана Казан –Куйган туугандары кышка даярдык көрүү үчүн бакчаларында картошка, кызылча, укроп, чеснок, петрушка сыяктуу жашылчаларды өстүрүп түшүм алуу алдында турушат. Кышка кам көрүү үчүн малга тоют даярдоо иштери …
31-августта Нарын районунун Учкун айылында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүң 30 жылдыгы белгиленди. Айылдын маданият үйүндө жөө жүрүш жана салтанаттуу иш-чара өтүп, келген конокторго концерт тартууланды.
Нарын районундагы мектептердин биринде окуган Бекмырза (аты өзгөртүлдү-ред) милициянын каттоосуна алынган. Бир жыл мурун достору менен бирге айылдашын сабап, жабырлануучу оор жаракат алган. Бул окуядан кийин Бекмырзанын кадамын милиция көзөмөлдөп …
Сапаттуу үрөндү кайдан алууга болот? Бийлик сапаттуу үрөн табуу аракетиндеби? Мындай суроолор бүгүн көпчүлүк дыйкандарды кургакчылык кесепетинен улам ойго салып турган учуру. Бул суроолорго айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана сертификация …
Адамдын өзүн-өзү баалоо жана өзүнө болгон ишенимин кантип чыңдоого болот? Алдыда, ишенимди чыңдоого жардам бере турган жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз.
Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтү жана мэриясы 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды сапаттуу өткөрүп, “2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагына катыша алат. Сынактын байге фонду – …
Эми ар бир жаран өзү жашаган аймактын жергиликтүү бюджети тууралуу маалыматты онлайн ала алат. Жергиликтүү боюджеттин жарандарга жеткиликтүүлүгү боюнча атайын веб-программа иштелип чыккан. Алдыда, аталган программа жана жергиликтүү бюджетке жарандардын …
“Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында Талды-Булак айыл аймагындагы Өзбек-Каба айылында дебаттык турнир болуп өттү.
Бишкек шаарынын 15 жаштагы тургуну Сауле жаңы долбоорду жүзөгө ашырды. Ал экологияны таштандыдан сактоого арналат. Тактап айтканда, балык формасындагы урналар бөтөлкөнү бөлүп чогултуу үчүн Калыс-Ордо конушундагы көчөлөрдөн орун алды.