Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Куу-Майдан айылынын багбаны Акматали Абдыкеримов

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет.

15 Июль 2017 жыл 23:18

Куу-Майдан айылында малина өстүрүү жайылууда

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында малина өстүрүү кеңири жайылууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь-июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь-октябрь айларында да мөмө берет.

15 Июль 2017 жыл 21:34

Жоголгон малды табышууга жардам сурайбыз

Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.

15 Июль 2017 жыл 16:09

Кызыл-Туу айыл аймагынын жаңы башчысы шайланды

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 7-июль күнү аталган айыл аймактын башчысы шайланды.

15 Июль 2017 жыл 12:08

Андарактык тургун унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.

15 Июль 2017 жыл 0:42

Айылыбызда бала бакча курулуп жатат

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.

15 Июль 2017 жыл 0:21

Бостон айылында кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дүкөндө тамак-аш азыктары жана кийим-кечектердин баары бекер таркатылат.

14 Июль 2017 жыл 23:24

Терек-Суу: Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.

14 Июль 2017 жыл 17:47

Терек-Суудагы 17 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу Жумашбек Кулушев

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.

14 Июль 2017 жыл 17:43

Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын Компаньон банкынан алууда

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.

14 Июль 2017 жыл 17:38

Сары-Булуң: Мектеп окуучуларынын көңүлдүү, жайкы эс алуусу.

Азыркы тапта жайдын ысык аптабы жүрүп турган кез. Ар бир окуучу жайкы эс алуусун ар кандай өткөрөт.

14 Июль 2017 жыл 17:32

Терек-Суудагы тиричилик техникаларын оңдогон Мадыш Шайдылдаев

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.

14 Июль 2017 жыл 17:31

Витаминдерге бай дарбыз

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай — бул дарбыз. Бул жемиштердин сезону июль айынын экинчи …

14 Июль 2017 жыл 16:02

Кетмен-Дөбө айыл аймагында жаңы жуут, кыркым пункту салынды

Токтогул районунун Кетмен  Төбө  айыл аймагы тоолу болгондуктан, андагы  ар бир тургун мал багуу менен алектенет.Адамдардын саламаттыгы-алар оздөрү багып ,этин жеген малдын саламаттыгы менен түздөн -түз байланышта.Кетмен Төбө  айыл аймагынын …

14 Июль 2017 жыл 11:22

Терек-Суу айылындагы Жерге-Тал участкасына жаңы жол салынат

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду. Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы жол салынуу алдында турат.

14 Июль 2017 жыл 10:12

Сумбулага жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.

14 Июль 2017 жыл 9:44

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын …

14 Июль 2017 жыл 9:24

Ооган-Талаа мектебинин ашканасына таза суу кудугу курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.

13 Июль 2017 жыл 20:07

Сумбулада окуучулар жайкы каникулун кандай өткөрүп жатышат?

Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.  

13 Июль 2017 жыл 15:45

Хамзамон велосипед оңдоп үй-бүлөсүнө жардам берет

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.

13 Июль 2017 жыл 11:27
Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...