Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билдирүүлөр

25-ноябрь — аялдарга карата болгон зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү

25-ноябрда бүткүл дүйнөдө аялдарга каршы болгон зомбулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү белгиленип жатат. Жайыл районунун Кара-Суу айылында да бул күн белгиленди.

25 Ноябрь 2019 жыл 18:29

Сүлүктүдө өзгөчө кырдаалдарга машыгуу өттү

ЮНИСЕФтин Сүлүктү шаарындагы волонтёрлору тарабынан уюштурулган Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу-машыгуулары коомдук мекеме уюмдарда өтүп жатат.

14 Октябрь 2019 жыл 2:55

Сүлүктүгө Гапыр Мадаминовдун жаңы китептери келди

 «Көптөгөн окурмандардын суранычынан улам Гапыр Мадаминовдун жаңыдан басмадан чыгып али сыясы кургай элек китептеринен Сүлүктүгө да келди. Агайдын китептерин жалпы Кыргызстан түп көтөрө окуй баштагандыктан бизге чектелүү эле санда бөлүндү»- …

22 Сентябрь 2019 жыл 18:52

«Таза тери күнү» аттуу социалдык долбоор Кара-Балта шаарында

18 — сентябрда “Таза тери күнү” аттуу социалдык долбоор Кара-Балта шаарындагы “Лавка жизни” деген аптекалардын биринде өттү. Бул иш- чара SANTO компаниясы тарабынан уюштурулуп, “Лавка жизни” аптекалары менен бирдикте өткөрүлдү.

19 Сентябрь 2019 жыл 20:50

Сүлүктү билим берүү бөлүмү кызматташуу деңгээлин жогорулатты

 Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүүнү жакшыртуу, жетишкен ийгиликтерди мындан да жогорку даражага жеткирүү максатында республикалык деңгээлдеги уюмдар менен кызматташууну жолго коё алды.

19 Сентябрь 2019 жыл 20:24

Биринчи комуз күнү белгиленди

Бүгүн мекенибизде биринчи Комуз күнү белгиленди. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде «Ак кептер» ЖМБ ыктыярчылары жана мектептин мугалимдери тарабынан даярдалган комуз тууралуу иш чара өткөрүлдү. Өкмөт тарабынан 9-сентябрь-Комуз күнү деп …

9 Сентябрь 2019 жыл 19:52

Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды.

8 Сентябрь 2019 жыл 17:18

Кайнене – келин мамилеси үй-бүлөнүн биримдиги

Кыргыз элинде башкалардан айырмаланып, үй-бүлөлүк жашоосунда келин жана кайнене атуу салттык түшүнүк бар. Келин турмушка чыкканда эң алгач кайненин сынынан өтөт. Келген жери келинди жактырса, акжолтой келин болду дешет. Келин …

6 Сентябрь 2019 жыл 16:37

Сүрөтбаян: КР ЖК депутаты тапшырмасын текшергени келди

КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундарына «жолуңардын калган жерин асфальттатып берем» деди эле. 04.09.2019-жылы ДЭП-40 тын жумушчулары келип, калган 160 метр жолду асфальттап кетишти.Айылда 1160 метр …

6 Сентябрь 2019 жыл 14:04

Депутат элге берген убадасын аткарды

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

4 Сентябрь 2019 жыл 23:18

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.

2 Сентябрь 2019 жыл 19:07

Сүлүктүдө мугалимдердин секциялык иштери жыйынтыкталды

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»,- дейт усулкаана …

28 Август 2019 жыл 20:13

Жаңы окуу жылына даярдык башталды

Жаңы окуу жылынын башталышына бир жума калды. Мекенибиздин мектептеринде окуучулар мектепке даярданышып, китеп ала башташты. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин окуучулары да китеп ала башташты. Китепканачы Абдрасулова Айнизанын айтуусу …

26 Август 2019 жыл 12:43

Беденин уругун жыйноо башталды

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

26 Август 2019 жыл 11:09

Шайлоочулар укуктарын жана милдеттерин билүүсү зарыл

Шайлоо жакындаган сайын, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу милдети ЖМКларга жүктөлгөн. Шайлоочулардын тизмесин тактоо, алардын милдеттери жана укукары тууралуу Кемин ФМ радиосунун эфиринде маалымат берилди.

15 Август 2019 жыл 16:35

Жогорку Кенештин депутаты айылга келди

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

14 Август 2019 жыл 23:16

Сүрөтбаян: Айылга ЖК депутаты келди

Жайыл районунун Кара-Суу айылына КР ЖК депутаты Бакирдин Субанбеков келип, айыл тургундары менен жолукту. Элдин жашоо-турмушу менен таанышып, көйгөй жараткан суроолорго жооп берип, маселелерди чечкенге жардам бере тургандыгын айтты.

14 Август 2019 жыл 21:51

Курман Айт намазы Сүлүктүдө эки жерде окулду

Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.

11 Август 2019 жыл 10:11

Сууга түшүү сезонундагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Айыл тургундарынын сууга чөгүү фактыларын болтурбоо максатында, Манас райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, атайын рейд уюштурду. Бул иш-чаранын максаты болуп, сууга түшүү сезонунда тургундарды маалымдоо. Рейд июль айында бир …

26 Июль 2019 жыл 11:17

Кара-Суу айыл аймагында түшүм жыйноо аяктоодо

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо аяктап калды. Кара-Суу айылынын тургундары акыркы арпа жана буудай аянттарын чаптырышууда.

23 Июль 2019 жыл 16:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...