Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Медиатека

Тасмада муз аянтчасы кызмат кылууда

Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.

1 Февраль 2016 жыл 17:28

“Маданият жана тарых” жылына карата райондук сынакка тандоо туру Тасмада болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты. 

1 Февраль 2016 жыл 17:06

Куу-Майдан: Айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.

1 Февраль 2016 жыл 16:33

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.

1 Февраль 2016 жыл 16:27

Баетов: Мезгилдүү оору менен жабыркагандар ооруканада кезек күтүшүүдө

Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү  улгайган адамдар жана жаш балдар.

1 Февраль 2016 жыл 16:08

Баетов: Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби толук капиталдык ремонттон өткөрүлөт

Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.

28 Январь 2016 жыл 16:17

Баетовдо Афган жана Баткен согушунун каармандарына эстелик коюлат

Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат. Алгач эстеликтин макети Бишкек шаарынан буйрутма менен жасалып келинген.

28 Январь 2016 жыл 16:11

Терек-Сууда Токтогул район акиминин катышуусунда жыйын болду

Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана ООСтун, РЭСтин СоцФонддун жана милициянын жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Кетмен-Дөбөнүн айыл өкмөт башчысы Саветбек Джээналиев жана Терек-Суу, Чоң-Арык айыл тургундары катышты.

27 Январь 2016 жыл 18:34

Терек- суу айылында акимдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана УОСтун, РЭСтин, Соц. Фондтун, жана ПОМдун  жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Бул жыйынга Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Советбек Нуржанович жана Терек-Суу, Чон-Арык айыл тургундары катышты.

26 Январь 2016 жыл 20:28

Куу-Майдандын жаштары Чыйырчык тоо лыжа базасында эс алып келишти

Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.

26 Январь 2016 жыл 14:47

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борбору кышкы суукка карабай кызуу иштеп жаткан учуру

Кышкы  каникулду  мультимедиа борбордун ыктыярчылар бекер өткөрбөстөн жергиликтүү  жаңылыктарды,  кулактандыруу,  ар  кандай  пайдалуу кеңештерди  жана талкууларды  рупор аркылуу  жергиликтүү  тургундарга  жеткирип жатышууда.

26 Январь 2016 жыл 12:56

Андарак айыл өкмөт башчысы Баймурат Бекмуратов жылдын мыктысына татыды

Жыл сайын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жылдын мыктыларын ардак грамота жана диплом акчалай сыйлыктар менен сыйлайт. Бул даражаны алгандар ак дили менен иштеп Кыргызстанга салым кошкондор. 

25 Январь 2016 жыл 11:51

Сүрөт баян: Тасмада аяздуу кыш

Түп районунун Тасма айылын ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Айыл тургундары быйыл кардык кечирээк түшкөнүн белгилеп жатышат.

25 Январь 2016 жыл 10:14

Бакай-Ата районунда жаңы автомектеп иштеп жатат

Бакай-Ата районунун Манас көчөсүндө «Кенч» автомектеби ачылды. Окуу жайдын шарттары жана тартиптери тууралуу мектептин мугалими  Казакбаев Совкозбек менен маектештик.

21 Январь 2016 жыл 16:17

Учкунда мектеп бөлмөлөрү өзгөчө кооздолду

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.

21 Январь 2016 жыл 12:23

Бакай-Ата районунда долбоор сунуштоо боюнча жыйын болду

Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.

20 Январь 2016 жыл 12:02

Үч-Коргондо көз ооруларын дарылаган жеке менчик клиника иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.

19 Январь 2016 жыл 10:19

Үч-Коргондо окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүүдө?

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.

18 Январь 2016 жыл 9:49

Кыш суугуна баш ийбеген малчылар [+сүрөт]

Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат. Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. …

17 Январь 2016 жыл 15:14

Жалал-Абад: Тургундар токойдун суюлушуна кабатыр

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 8 миң гектардай токой аянты бар. Былтыртан бери көзөмөлгө алынгандан кийин токойду кыюу азайганын айтат айыл өкмөт башчысы. Анда жаңгак бактары менен катар алма, мисте, долоно …

16 Январь 2016 жыл 12:02

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...