Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев мектебинде айылдык дарыгерлердин катышуусу менен СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ноокат районунун Арбын айылында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафонго окуучулар, мугалимдер катышты.
Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.
Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнө Мамлекеттик каттоо кызматынан кызматкерлер келип, 11-декабрда өтө турган шайлоого карата операторлорду окутуп кетишти.
Кызыл-Кыя — Көк-Жар жолуна кышында муз тоңуп калбасы үчүн кумдар себилип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров: — Бул жолдорго Ноокат …
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер аралык волейбол мелдеши болду. Анда он мектептин кыздар курамасы таймашып, 1-орунду Бекиев мектеби алды.
Ноокат районуна караштуу Шанкол айылындагы Шанкол орто мектебинде «Тарыхый музей» залы ачылды. Анда ата-бабалардын колдонуп келген буюмдары жана тарыхый маалыматтарды көрүүгө болот.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында балдардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн беш мектеп катышты.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында кыздардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн 5 мектеп катышты.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы М.Кудайбердиев жатак лицейинин окуучулары «Карек» фестивалына «Менин дүйнөм» аттуу киносу менен катышты. Жаштардын тарткан тасмасы «Мыкты актриса» наамын алып келди.
«Балакай» театры мультфильм каармандары менен өзгөчөлөнүп Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы балдардын көңүлүн бурду.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдешке үч мектептин футболчулары катышып, Куу-Майдан айылынын футболчулары баш байгени багынтты.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун элесине арналган Ноокат районунундагы жаштар арасында волейбол боюнча мелдеш Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде болуп өттү. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.
Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде Мугалимдер күнүнө карата 4-октябрда концерт болуп өттү. Концертти «Ыр, бий» ийриминин катышуучулары коюп беришти.
Бул китеп кана курулганына коп жылдар болгон китеп жетиштуу эле бирок китеп кана начар. Айыл окмот депутаттар жаныдан салып беребиз деп айтышкан бирок эч кандай жардам жок.