Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн …
Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.
Эгерде сиздин үй-бүлөңүздө кандайдыр бир сатып алуунун маанилүүлүгүнө байланыштуу уруш-талаштар болуп жатса, анда сиз үй-бүлөлүк бюджетти туура башкарууну билемби деп ойлонушуңуз керек. Алдыдагы тест суроолоруңузга жооп табууга жардам берет.
Нарын шаарынын тургуну Мээрим Таалайбекова өзү жашаган жерге “Вундеркинд” окуу борборун негиздеген. Ал 29 жашта. Нарынга келин болуп барган Мээрим 3 баланын апасы. Учурда аталган борбордо тил курстары, СММ адистиги, …
Бала тарбиясында атанын ролу чоң экени айтылат. Сиздин оюңузча балдарды өстүрүп тарбиялоодо атанын кандай орду бар? Сиз балдарыңызга кандай атасыз, мээримдүү же талапты катуу койгон. Алар сиз менен ачык сүйлөшүп …
Балдарды китеп окуу маданиятына көндүрүүнү кенже курактан баштоо зарыл. Кичинекей кезинен балада китепкке болгон кызыгуу, сүйүү болсо бой жеткенде бул адат болуп калыптанат. Көпчүлүк ата-энелер баласы мектепке барганга чейин китеп …
Стив Жобс, Билл Гейтс сыяктуу жашоону экранга туткундаган көптөгөн ойлоп табуучу, жаратмандардын өз балдарына компьютердик оюндардын ойноосуна тыюу салганын билет белеңиз? Учурда көпчүлүк ата-энелер балдарынын экрандын туткуну болуп жатканы түйшөлтөт.
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 12 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке жалпы 274 талапкер өзүн өзү көрсөтүү аркылуу каттоодон өтүштү. Булардын …
Жаңы-Жер айылындагы «Айым» апалар тобу Сокулук райондук администрациясы, мэрия, айыл өкмөттөрү тарабынан 8-март аялдардын эл аралык күнүндө иш- чарага катышышты. Иш- чаранын соңунда апалар, улуттук этно кийимдерин даңазалоо максатында борбордук …
Учурда социалдык түйүндөр аркылуу идиш-аяк, үй буюмдары, косметикалык каражаттар сыяктуу же акчаны көбөйтүү чакырыктары көбөйүп кетти. Өзгөчө элеттик айымдар мындай чакырыктардан улам жапа чегип жатканын айтышууда. Адистер эч нерсе кылбай …
Токтогул райондук футбол клубу 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздар арасында футбол оюну боюнча турнир өткөрүп берди. Турнирге 2007-2008-2009-жылкы окуучу 80ден ашык кыздар катышты.
Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.
Сокулук районунун Жаңы- Жер айылындагы кесиптик лицейде “Тигүүчү” кесибинде окуган кыздар, 8-март майрамга карата мугалим эжелерин концерттик программа менен куттукташты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бул кыздардын дээрлик көпчүлүгү эне мээримине же …
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата, райондогу социалдык-экономикалык, маданий жактан өсүп-өнүүгө салымын кошкон айымдарынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, маданий иш- чара менен коштолду.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Муса Ордобаев атындагы көчөсүндө электр кубаты төмөн. Аталган көчөдө 50 түтүн эл жашайт. Алар көчөнүн жашоочулары жарыктын кубатынын начардыгынан бир топ кыйналышат.
Райондук маданият үйүндө «Ааламдын көркү аялзат» аттуу концерттик программа маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жалпы 250 айымга жагымдуу маанай тартуулашты.