Азыркы учурда Кыргызстанда насыя берүүчү компаниялар ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү бизнести өнүктүрүү үчүн берилет. Суусамыр айылында насыя берүүчү үч уюм бар.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Мында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана ар кандай түнкү отуруштарга жибербөө керектиги тууралуу мектеп директору жана милиция эскертүү берди.
Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.
Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар.
Клооптун журналистика мектебинен окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Нарын районунун Сары-Ой айылына барып, онлайн журналистика жана сүрөт баян даярдоо боюнча сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышты.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ташчайнар каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеров келди. Концерттен түшкөн каражатты Ташчайнар жакында эл аралык сынакка баруу үчүн керектелерин айтты.
«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү 2-майда Бишкек шаарында жайгашкан Клооп Медиа коомдук фондунда долбоор жазуунун эрежелери боюнча тренингге катышып келишти. Ага аталган медиа борбордун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор …
Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.
Сумбула айылынын борбордук мечитинин жолуна оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны Манас орто мектебин 1996-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр оңдоодо.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата согуш ардагерлерине концерттик программаларын тарттуулап өтүштү.
Бакай-Ата районундага Жоломан атандагы эс алуу багында 9-май жеңиш күнүнө карата эскерүү болуп өттү. Эскерүүгө окуучулар, мугалимдер жана ардагерлер катышып кетти.
Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин «Жаш натуралист» ийриминин карамагындагы этботаникалык бакчада өсүмдүктөр гүлдөөдө.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жааматтык мультимедиалык борбору ачылды. Борборго жергиликтүү калк Көнөк баатырдын ысымын ыйгарышты.
Бүгүн Манас атындагы орто мектебинде улуу жеңиштин 71 жылдыгына карата кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 27-апрель күнү окуучулар мектептин биологиялык аянтчасына жер-жемиштерди айдашты. Буга 8-9-класстын окуучулары катышышты.
Сокулук районундагы Жал айылында асыл тукум элита мекемеси совет доорунан бери иштеп келет. Аталган мекеме суюк азот жана урук чыгарат.
Бүгүн 03-май 2016- жылы Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7- орто мектебинин 2006-жылгы бүтүрүүчүлөрү Абалбеков Курбанбек, Момунов Түгөл, Исманалиев Бакытбек, Раимкулов Сулайман жана Табалдиев Каныбектердин өз мектебин сагынып, 10 …
Ак-Талаа районунун аймагындагы орто мектептердин 10-классынын окуучулары арасында Чыңгыз Айтматовду таанытуу, чыгармаларын даңазалоо, маанисин аңдап-түшүнүү максатында дилбаяндар сынагы болуп өттү. Ага жалпы 39 окуучу катышып, “Чыңгыз жана Мен” деген темада 60 …
Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде ишембилик болду. Ага Манас орто мектебинин 7-10-класстын окуучулары катышты.