Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

Тасмага Ринат аттуу балбан өнөрүн тартуулап, концертин койду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына Ринат Тулөбаев “Өз элимден бата аламын” аттуу концертин тартуулады. Концертти ырчылар коштоп, Ринат балбан өзүнүн өнөрүн ар кандай ыкмаларды жасап көрсөттү. 

7 Март 2016 жыл 22:11

Мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынууда

Ушул жылдын сентябрь айынан баштап телефондорду алып келбөө келишимине кол коюла баштаган.

6 Март 2016 жыл 20:10

Тасмада жакырчылыкты жоюу боюнча долбоордун алкагында окуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жакырчылыкты жоюу боюнча Нурайым Исакова атайын долбоор менен Тоң районуна барып окуп келип, өзүнүн үйрөнгөндөрүн айылдаштары менен бөлүшүүдө. Долбоорду ФАО уюму каржылап окутууда.

5 Март 2016 жыл 18:24

Тасмада «Кана эмесе кыздар» сынагы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде 23-февралга карата 9-10-11-класстын кыздарынын катышуусу менен таймаш болуп өттү.

2 Март 2016 жыл 18:47

Тасма: Айыл эли күнөскана иштетүүнү өздөштүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тасма айылында айыл тургундары күнөсканада өсүмдүк ,дары чөптөрдү өстүрүү менен алек болууда.

2 Март 2016 жыл 18:42

Барскоон: Улуу тарых улуу Манас эпосу

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде Сагынбай Орозбаковтун варианты боюнча «Манас тануу»таймашы өттү.

2 Март 2016 жыл 11:50

Түрдүү салат жана кумшекерсиз кыямдарды жасаган багбан айым: Тасманын тургуну Жаңыл

Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү  менен көп жылдан бери алектенет.

1 Март 2016 жыл 17:17

Б.Алаков атындагы орто мектебинде 2-класстар арасында жыл мыктысы аныкталды

Кара-Талаа айылынын, Болот Алаков атындагы орто мектебинде жыл сайын класстар арасында  «Жыл окуучусу» сынагы болот. Мында мыктылардын арасынан, мыктысын тандашат. 24- февралда 2-класстар арасында «Жыл окуучусу» болуп, Ынтымак Максат уулу …

25 Февраль 2016 жыл 15:44

Видео: Ысык-Көлдүк дыйкан шамал менен иштеген электр генераторун чогултту

Ысык-Көл облусунун Тасма айылында жашаган дыйкан Бейшенбай Сааданбаев үйүндөгү электр жарыгынын тез-тез өчүрүлүшү көйгөйүн чечүүнүн жолун тапты — ал үчүн дыйкан шамалдын энергиясын пайдалана баштаган. Сааданбаев шамал-генераторун 2015-жылдын жайында чогултуп …

25 Февраль 2016 жыл 15:24

Тасмада 23-февральга карата катарга басуу сынагы болду

Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата катарга басуу сынагы болуп өттү. Сынакта 5-7-класстар арасында өтүп, ыр жана көнүгүүлөр менен коштолду.

20 Февраль 2016 жыл 9:10

Тасмадан бир окуучу алгебра сабагынан облустук олимпиадага катышат

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айзат Мусалиева райондук олимпиададан 3-орунду алып, облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мектеп мугалимдери быйыл окуучулардын билим деңгээли жылдагыдан …

20 Февраль 2016 жыл 8:52

Барскоон: Кызамык, кептөөр оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады

Барскоон айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед кызматкерлери үч айлык наристелерден  алты жашка чейинки балдарга пландаштырылган эмдөө жүргүзө башташты.

19 Февраль 2016 жыл 19:10

Токтоян: Ооган согушуна быйыл 27 жыл болду

Улуу Ооган согушуна быйыл 27-жылдын жүзү болду. Ага токтояндык төрт адам катышып келген. Учурда алардын баары айылда жашап, мамлекеттин жөлөкпулун алып турушат.

19 Февраль 2016 жыл 9:44

Токтоян: Мектепте “Бирге окуйбуз долбоору” жүрүп жатат

Түп районунун Токтоян айылындагы А. Коёнкөзов орто мектебинде “Бирге окуйбуз” долбоору ѳтүүдѳ. Анда мектептин 1-классынын окуучуларынан баштап 4-класстын окуучуларына чейинги окуучулар катышууда.

19 Февраль 2016 жыл 9:36

Токтоян: Мектеп окуучулары Манас таанууга барып келишти

Токтоян айылына караштуу А. Коёнкөзов атындагы мектептин 8-9-класстарынын окуучулары Манас таануу атайын акыл таймашка барып келишти. Бул таймашка 7 айылдын мектеп окуучулары катышышты.

18 Февраль 2016 жыл 13:44

Токтоян: Кол өнөрчүлүгүнө салымдарын кошкон тикмечи айым менен өрмөчү мырза

Бири камчы согуп бири тикмечилик менен алектенип, мырза өз үй-бүлөөсүн багып, айым болсо жолдошуна чоң жардамын тийгизип келет.

17 Февраль 2016 жыл 20:02

Тасмада Асан Сопиевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде Асан Сопиев агайдын жаркын элесине арналган баскетбол оюну болуп өттү. Оюнда 3 команда катышышты.

17 Февраль 2016 жыл 19:23

Кашат таштанды төгүүчү жай эмес

Кашат Барскоон айылынын жогору жагында жайгашкан Ысык-Көлгө кошулуучу Барскоон суусу агып түшүүчү жер.

16 Февраль 2016 жыл 18:12

Барскоон айылында “Барс” студиясы ачылды

Барскоон айылы ар тараптан өнугуп жаткан кези.Аны менен катар,”Барс”студиясы да өз ишин баштады.Тагыраак айтканда,былтыртан бери иштеп жаткан фото студия учурда да элдин кызматында. “Барс”студиясын айыл тургуну Расул Чылабаев тарабынан 2014-жылы …

16 Февраль 2016 жыл 17:48

Кышында футбол оюну популярдуу болууда

Барскоон айылында футбол оюну кыш мезгилинде популярдуу болууда. Башка айылдардан оюнчуларо келип футбол таймашы өткөрүлүүдө.

16 Февраль 2016 жыл 17:44
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...