Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Андарак

Cумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат. Элет элин акысыз текшерүү демилгесин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 4-курсунун студенттери, Сумбула айыл өкүмөтүндөгү мектептердин бүтүрүүчүлөрү: Кожомкул Топчубай …

26 Март 2017 жыл 17:11

Андаракта футбол боюнча зоналык мелдеш болуп өттү

Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда 24-март күнү мектептер арасында футбол боюнча зоналык мелдеш болуп өттү. Ага 5 мектептин балдар командалары катышты.

25 Март 2017 жыл 19:44

Быйылкы Нооруз майрамы Андаракта өзгөчө өттү

21-март күнү Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын борбордук стадионунда Нооруз күнүнө карата футбол боюнча айылдар арасында мелдеш болуп, ага айыл аймагынан төрт команда катышты.

21 Март 2017 жыл 22:10

Сары-Дөбө айылында “Шайыр келиндер” таймашты

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында 21-март күнү Нооруз майрамына карата “Шайыр келиндер” сынагы өткөрүлдү. Анда Сары-Дөбө айылындагы келиндерден куралган “Байчечекей” жана “Аруузат” топтору жарышышты. Жыйынтыгында “Аруузат” командасы жеңишке жетишти.

21 Март 2017 жыл 20:04

Сумбуланын периси аныкталды

Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө 15-март күнү “Сумбула периси 2017” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка айыл аймагына кирген төрт мектептин окуучу кыздары катышты.

15 Март 2017 жыл 17:37

Андарактык окуучулар мектеп театрынын облустук туруна катышты

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин “Мектеп театры” облустук турга 10-март күнү катышып келишти. Сынакка алты мектеп катышып, бирок Манас мектебинин окуучулары республикалык баскычка өтпөй калышты.

11 Март 2017 жыл 11:18

Смартфон үчүн алтынчы сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …

2 Март 2017 жыл 14:57

Cурамжылоо: Учурда окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусу кандай?

Азыркы илим менен техника кеңири кулач жайган учурда китептен маалымат алууга караганда интернеттен маалымат алуу актуалдуу болуп калды. «Акыркы мезгилдерде окуучулардын китепке болгон кызыгуусу кандай?» деген суроонун айланасында Лейлек районуна караштуу …

27 Февраль 2017 жыл 21:31

Сары-Дөбө айылында быйыл суугат суу мол болуусу күтүлүүдө

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.

26 Февраль 2017 жыл 20:54

Сумбула айыл өкүмөтүндө зоналык спартакиада жыйынтыкталды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүнүн Манас атындагы орто мектебинде 25-февраль күнү спорттун теннис жана кол күрөш түрү боюнча зоналык спартакиада болуп өттү. Буга чейин спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол …

26 Февраль 2017 жыл 11:10

Сары-Дөбөнүн тургундары үчүн кыш мезгили кандай болду?

Ызгаардуу кыш мезгилинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Дегеле бул кыш элет элинин эсинде эмнеси менен калды? Кар кандай түштү, деген суроолордун айланасында Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундары менен …

25 Февраль 2017 жыл 12:36

Сумбула айыл өкүмөтүндө 186 баатыр эне бар

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.

24 Февраль 2017 жыл 21:27

Сумбула айыл өкүмөтүнүн «эр жигити» аныкталды

Лейлек районунун Сумбула айыл өкүмөтүндө 20-февралда Мекенди коргоо күнүнө карата «Эр жигит 2017» сынагы болуп өттү. Ага аталган айыл аймагынан үч жигит катышып күч сынашты.

21 Февраль 2017 жыл 15:30

Короз менен бизнес кылган Бекзат Эрматов

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын 15 жаштагы тургуну Бекзат Эрматов короздор менен бизнес кылат. Аларды Тажикстанга чейин алып барып, уруштуруп келген.

19 Февраль 2017 жыл 10:59

Сары-Дөбө: «Ай-Данек» балдар бакчасында 58 бала тарбияланууда

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында “Ай-Данек” балдар бакчасы иштеп жатканына эки жылдын жүзү болуп калды. Учурда бала бакчада 58 бала тарбияланууда. 2015-жылы “Германия эл аралык кызматташтык уюмунун жарандык коомду колдоо …

17 Февраль 2017 жыл 22:45

Сумбула айыл аймагынын окуучуларына ЖРТ боюнча лекция өтүлдү

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде 14-февраль күнү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу жана кантип көп упай алса болот деген темада лекция өтүлдү. Лекцияны Лейлек районундагы 3-гимназиянын 11-классынын окуучусу …

14 Февраль 2017 жыл 19:35

Сары-Дөбөнүн ФАПы эл кызматында

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.

11 Февраль 2017 жыл 22:47

Сумбула айыл өкүмөтүндөгү айыл аттарынын келип чыгыш тарыхы

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндөгү айыл аттарынын келип чыгыш тарыхы боюнча Сары-Дөбө мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мария Кудайбердиева, тарых мугалими Төрөкул Убайдуллаев ошондой эле Манас орто мектебинин кыргыз тили …

11 Февраль 2017 жыл 20:54

Райондук волейбол мелдешине «Манастын» командалары жолдомо алды

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас атындагы орто мектебинде 11-февраль күнү зоналык волейбол мелдеш болуп өттү. Манас мектебинин балдар жана кыздар курамалары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, райондук баскычка жолдомо алышты.

11 Февраль 2017 жыл 18:21

Манас атындагы орто мектебинин окуучусу обустук олимпиадага катышат

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.

9 Февраль 2017 жыл 18:25

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...