Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана Манас айтуучулардын сынагынын райондук баскычы өттү.
Базар-Коргон районундук агрардык башкармалыгы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 102%га аткарган. Башкармалыктын билдиргенине караганда 12 айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 348 млн 363миң 700 сомго көп жана өсүү темпи 102.8% аткарылган.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтептар өз ойлорун билдирип, оорукананын азыркы абалы бир канчага жакшырганын белгилешти.
Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.
Экономикалык зомбулукка иштебей отурган аялдар көп кездешерин эксперттер айтууда. Аялдар өз ишин ачып, бизнес жүргүзсө жеке ишкердик менен алектенсе, акча таап баштаганда күчтүү болот көп маселелерди чечет, маанилүү чечимдерди кабыл …
Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы шаркыратманын өзгөчө көрүнүшүн жергиликтүү тургундар тартып алган. Быйыл кыш суук болгондуктан, шаркыратманын 80% тоңуп, табияттын кооз көрүнүшүнө айланган деди Шохрух Мирзакаримов.
Бизде коомчулук көбүнчө стереотиптүү көз караштар менен жашайт-деп билдирди мектептин соц педагогу Зарина Самидинова.
Негизи менин тагдырым токойго байланышып калган экен. Токой менин жан дүйнөм. Өзүм жаратылышты жакшы көрөм. Кызыл-Ункурдө жашап токойчу болсом дейт элем. Токойдун сакталуусуна өз салымымды кошуп жатам деген Сартабева бүт …
Базар-Коргон районунун Абдураимов айылындагы жолдун чекесиндеги чоң дүкөнгө кирген ар бир кардар жаркылдап тосуп алган Мукарам Сатыбалдиева менен кездешет. Ал ар бир күнүн өзүнүн соода борборунда өткөрөт. Жаңы жылга карата …
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында сентябрдан ноябрга чейин жаңгак терүү мезгили болот. Жаңгак терүү процесси да бир үй-бүлөнүн убактысын сарптайт. Эртеден кечке жаңгак күүп, терип жүрүп күн кечкиргенин билбей каласың. Бала …
Чкалов айылында бала бакча маселеси курч болгон. Бакча маселесин депутат Нуржамал Камилжан кызы чечип, 50 орунду балдар бакчасын ачкан.
2022-жылдын 23-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагындагы Капарбек атындагы орто мектебинде Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 69 мектептин директорлоруна семинар болуп өттү.
Бүгүн, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын Ачы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Бүгүн, 2022-жылдын 22-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагына караштуу Могол-Коргон айылында 50 орунду «Керемет» мектепке чейин билим берүү уюму ачылды.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылына «Жаштар окуу борбору» ачылды.
Базар-Коргон шаарында болуп өткөн «Жаңгак фестивалында» Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлназ Камбарали кызынын «Тоолор жана айымдар» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 1686 мектептин жетекчилигин башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү боюнча окутту.
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынан 140 чакырым алыста жайгашкан Рават жайлоосунда мал жайган жайлоочулардын бири — Жумагүл Абдыкаим кызы. Ал азыр колундагы 2 айлык бөбөгү менен мөңгүсү кете элек тоо алдында …
Айгүл Джаратова Жалал-Абад областындагы балдарды акысыз окуткан жалгыз окуу борборун ачкан. Мектепте жайкы лагер уюштурулуп, анда чет элдик ыктыярчылар балдарга англис тилин үйрөтүштү.
Көк-Алма айылынын тургуну Нурэлес Камытов кыргыз кызыл алмасын өзүнүн жеке жер тилкесинде өстүрөт. Алманын өзгөчөлүгү анын кызыл түсүндө. Нурэлес Камытов алманын уругун Аксыдан алып келип отургузуп, чанда кездешкен кызыл алма …