Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

«Тогуз-Торо ФМ»

Тогуз-Тородо “Манас” айтуу сынагы өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунда Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» чагылдырылып, билим берүү кызматкерлери, окуучулар жана тарбиялануучулар, жалпысынан 1250 адам хор менен «Манас» айтышты.

7 Май 2023 жыл 14:54

Бурулсун Эрмекова: Жумушка болгон жоопкерчилик анан жыйынтык көрсөтүү керек

Гендердик өкүлчүлүк боюнча мыйзамдардын бардык талаптарына карабастан, Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусу өтө төмөн бойдон калууда. Бул, биринчиден, эркектер менен аялдардын улуттук да, жергиликтүү деңгээлде да саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн теңсиздигин …

6 Май 2023 жыл 16:03

Радио программа алып чыгуу жана жаңылык жазуу боюнча окутуу болду

Тогуз-Торо районунун активист айымдарына Марал ФМ радиосунун башкы редактору Орозгүл Арстанова тренингдин 2-сериясын улантып, онлайн форматта керектүү маалыматтары менен бөлүштү.

6 Май 2023 жыл 13:47

Пландаштыруу болсо акча топтогонго жардам болот

Айымдар иштеп жүрүп, көбүнчө декреттик өргүүгө чыкканда стресске кабылышат. Мунун себеби декреттик өргүүдө иштебей бала менен үйдө отуруп калышат. Каржылык жактан эркин болуп жүргөн аял үчүн бул чоң стресс болушу …

26 Апрель 2023 жыл 12:04

Кыздардын келечеги үчүн кыздар комитетинин ролу чоң

Кыргызстанда кыздар уюму 2013-жылы ачылган. Ошол уюмдарда 18 жашка чейинки кыздар иштешет. Негизги максаты кыздардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

10 Апрель 2023 жыл 14:28

Мирзат Токтомадинова: Чын дилиң менен жасасаң, жетишкендиктерге жетесиң

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булун айыл аймагында чоңойгон Мирзат Токтомадинова 2006-жылы Россия Федерациясына мигрант болуп келип, ушул күнгө чейин Новосибирск шаарында жашап, эмгектенип келе жатат. 2007-жылы өмүрлүк жолдошу Мырзапаяз менен баш …

6 Март 2023 жыл 14:07

Практикасын чет өлкөдө өтүүнү кыялданган Диана

Диана Кенжебекова Тогуз-Торо районунун Казарман айылында чоңойгон. Ал 2-курста эле чет жерге барып, практика өтүүнү максат койгон. Учурда Германиянын Саксония — Анхальт аймагында чоң сыр заводдордун биринде, өз кесиби боюнча …

25 Февраль 2023 жыл 10:30

Дени сак эркек- өз үй-бүлөсүнүн тиреги

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча эркектердин жашынын орто узактыгы аялдардыкына караганда 8 жылга аз. Эркектер жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна көбүрөөк кабылышат. Өлкөдөгү эркектердин жарымынан көбү жашылча жана жемиштерди жетиштүү …

21 Февраль 2023 жыл 9:56

Экономикалык зомбулук – адамдын негизги укуктарын тебелөө

Экономикалык -зомбулук – бул акча жана башка материалдык ресурстарды пайдаланууну көзөмөлдөө же чектөө. Мындай мамиле каржыны өз алдынча башкарууну кыйындатат жана өнөктөштү көз каранды кылат.

30 Январь 2023 жыл 17:28

Эрте турмуш курган кыздар толук кандуу жогорку билим ала албай калышат

Кыздардын эрте турмуш куруусу алардын жетиштүү билим алуусуна тоскоолдук жаратып жыйынтыгында кесибинин мыкты адиси болуусуна таасирин тийгизет. Мунун кесепеттери анын үй-бүлөлүк турмушунда чынжыр сымал улана берет.

30 Январь 2023 жыл 17:22

Кыялына жетүүгө патриоттук сезим түрткү болгон

Айжамал Маматсакова 25 жашта, кесиби боюнча юрист. Бала кезиндеги кыялына, патриоттук сезим түрткү болуп, спорт тармагында аркалап калган. Москвада өткөн дүйнөнүн алтын кубогунда 1-орунду жеңип алган. Бул туурасында төмөндөгү аудиодон …

9 Январь 2023 жыл 16:00

Тоок канатын бышырып ишкердик кылган Гулниза

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын тургуну Гулниза Суюнова социалдык келишимдин негизинде берилген 100 000 сомду алып, чакан ишкерликти баштаган. Ал каражатты сентябрь айында алып, райондун борборуна тоок канатын бышыруучу чакан …

9 Январь 2023 жыл 15:49

100 сомдон миллион жараткан ишкер Нуржамал Шамшиева

Ишкерлигин 100 сомдон баштап миллион жараткан Нуржамал Шамшиева бир канча чоң жана кичине бизнестердин ээси. Ишкерликке 12 жашында аралашып баштаган.18 жашында алгачкы май куюучу жайын куруп, 19 жашында өз каражатына …

24 Декабрь 2022 жыл 19:11

Аялдар коомго керектүү маселени көтөрүп келишет

Жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30% жеңилдик мыйзам тарабынан бекитилген. Квотанын негизинде аймактардагы эл үчүн иштейм деген активдүү айымдардын, депутат болуусуна чоң өбөлгө түзүлдү. Бул туурасында адистер да белгилеп келишкен.

24 Декабрь 2022 жыл 19:08

Тогуз-Торо: 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптыгы бар жарандардын күнү белгиленди

“Биз биргебиз” аттуу бир айлык акциянын алкагында Атай айыл аймагында райондук деңгээлде иш чара өткөрүлдү. Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт …

3 Декабрь 2022 жыл 12:24

Көмүрдү туура сактайлы

Урматтуу Тогуз-Торо районунун жарандары, кадимки эле биз от жагуу, жылытуу үчүн колдонгон көмүр өзүнөн-өзү күйүү касиетине ээ. Көпчүлүк учурда майда же нымдуу көмүр өзүнөн-өзү күйөт. Бул туурасында Тогуз-Торо району боюнча Өзгөчө …

1 Ноябрь 2022 жыл 15:37

Сары-Булуң аймагында 5 курулуш иши бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү

Кичи футбол аянтчасы, мал дарылоочу жай, ФАП, эс алуучу жайлардын курулушу аяктап, ачылыш аземи өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, медициналык кызматкерлер, райондон …

27 Октябрь 2022 жыл 9:34

Сары-Булуң айыл аймагында айымдар арасында “Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу футбол болуп өттү

Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан айымдарынан 2 команда, мугалимдер болуп 3 команданын катышуусунда өткөрүлдү.Бул иш чара айылдык кеңештин депутаттары тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу айылдык  кенешинин төрайымы Венера Эпээва билдирди.

8 Октябрь 2022 жыл 18:13

Сары-Булуң айыл аймагында 2ФАПтын курулушу аяктап, бүтүү алдында турат

Эл аралык жана фонддор менен иштешип, ар кыл багытттагы долбоорлор ишке ашырылууда.

7 Октябрь 2022 жыл 17:52

Тогуз-Торо: Район эли тарабынан чогултулган гуманитардык жардам, эртен Баткен областына жөнөтүлөт

Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардамды чогултуу пункту А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө уюшулган.Мындан сырткары айыл өкмөттөр дагы өз жеринде штабдар уюшулуп, учурдагы кырдаалга байланыштуу материалдык жана гуманитардык жардамдар кабыл алынган. Жалпысынан …

19 Сентябрь 2022 жыл 23:11
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...