Ромашка-татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Анча бийик эмес, жыттуу, сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары гүл. Анын 50дөн ашык түрү Евразияда, Африкада белгилүү. Ромашка дарылыкка колдонулуп, анын …
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жүндү иштетүүчү ишкана ачылды. Ишкананын жетекчиси Ажыбек Султанкулов бул ишти эл аралык долбоорлордун негизинде ачылды деп билдирди.
Таш-Рабат тарыхый комплексинде «Тайлак баатыр» кыска метраждуу тасмасынын эпизоддору тартылды. Бул тууралуу маалыматты Нарын драмалык театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Акунова билдирди.
Тянь-Шань күрөң аюусу Тянь-Шань, Памир жана Гималай тоолорунда байырлап жүрүүчү жаныбар.
Чычырканак- тоолуу райондордо суу бойлорунда, шагылдарда, токой тилкелеринде, Ысык-Көл өрөөнүндө, Нарын дарыясынын куймаларында кезигип, топ-топ болуп өскөн бадал өсүмдүк.
Бөрү карагат — Кыргызстандын бардык райондорунда өскөн жапайы бадал өсүмдүк. Ал таштуу жерде, тоонун эңкейиш боорлорунда, ийне жалбырактуу токойлордун арасында өсөт. Анын дарылык касиети изилденип, көпчүлүк дарылардын составына кошулат.
Кошой – Коргон – Ат-башы жергесинде 7 кылым мурун пайда болгон байыркы тарыхый эстелик болуп эсептелет. Бул тарыхый эстеликтин тарыхын, ар кандай табылгаларын сактап калуу максатында «Кошой-Коргон» музейи 2007-жылы курулган. …
Өткөн 2020-жылдын ноябрь айында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров бир катар делегаттары менен Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнө расмий иш сапары менен барып келген. Ал иш сапарда эки райондун достук протоколуна …
16-январда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында республикалык деңгээлде хоккей оюну боюнча райондун акиминин кубогуна ачык турнир болуп өттү.
Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 16-январда райондук деңгээлде көк бөрү оюну боюнча акимдин кубогуна мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, 5 команда байгелүү кайтышты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бүгүнкү 10-январдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого элдер кеч келишти.
Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мамлекет тарабынан жаңы тез жардам автоунаасы толук жабдыктары менен берилди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын айыл башчысы Нурлан Жунусов «Кыргыз Туусу» газетасынын «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамына татыды.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 5-г классынын окуучуларына «Чыны карагат» долбоорунун негизинде ланчбокстор тапшырылды.
Айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толуп турган кези. Бул мааракени акындын туулуп өскөн айылы Ача-Кайыңдыда айыл тургундары белгилешти.
Ат-Башы районунда, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн ичинде атайын «Социалдык дүкөн» ачылды.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары Эл аралык Тоолор жана Жер эне күнүн белгилешти. Бул демилгени аталган мектептеги Слоуфуд кыймылынын ыктыярчы окуучулары демилегелешкен. Акциянын алкагында окуучулар тоого чыгышып, жаратылышты коргоого …
Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.
Ат-Башы районун башчысы Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барып келди. Бул тууралуу маалыматты Ат-Башы районунун маалымат кызматы билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы 13 үй-бүлөгө долбоорлордун негизинде карагаттын көчөттөрү отургузулуп, тосмолору менен тосулуп берилди.