18-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде Нооруз майрамына арналган саамалык болуп өттү.
Ача-Кайыңды айылында 19-март күнү Нооруз майрамына утурлай бир көчөнүн апалары сүмөлөк кайнатышты. Сүмөлөктү бышырууда ар кандай баталар тиленип, каалоо-тилектер айтылып, жаштарга акыл-насааттар айтылды.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында «Маданий» айыл долбоорунун алкагында туристтерге тамак жасоо боюнча окутуу өткөрүлдү.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинин 5-классынын окуучусу Сымбат Макеленова Таласта өткөн эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогун» жеңип алды.
Ат-Башы районунда 5-март күнү райондогу мектептердин арасында Манас Таануу интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Достук айылында элеттик айымдардын таймашы болду. Негизги максаты кол өнөрчүлүктү даңазалоо, айыл элинин ынтымагын чыңдоо экендигин уюштуруучулар белгилешти.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.
Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.
Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кымбатчылык айыл жергесиндеги чарбанын өнүгүшүнө терс таасирин өлкө боюнча байкалып жатат. Мисалы өткөн жылы эле күйүүчү май, техникалык тетиктердин кымбатташы жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктарды жараткан.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 25-февралда «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.
23-февраль күнү Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча таймаш болуп өттү. Мындай деңгээлдеги таймаш Ат-Башыда алгачкы жолу өтүүдө.
22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.
Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылы 2021-жылдан баштап туристтерге маданий мурастарды тааныштыруу максатында «Маданий айыл» (Cultural Village) статусун алган. Бул иш Корея мамлекетинин долбоору аркылуу ишке ашкан.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын …