Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп Жылдыз Жантелиева дайындалды.
2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия учурунда Кыргызстандагы мектептер дагы жабылып аралыктан окутууга өткөн болчу. Ошол учурда 11- классты аралыктан аяктаган окуучулар, жогорку окуу жайга тапшырып, ал жерде дагы аралыктан окууга дуушар …
29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.
27-майда Нарында «Китеп той 2021» аталышындагы маданий иш- чара өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 2001-жылы Ой-Терскен орто мектебин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр айыл элине айыл чарба техникасын алып беришип, андан тышкары мектепке, муктаж үй-бүлөлөргө белектерин беришти.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрү айылдагы жаш балдар үчүн атайын чакан оюн-зоок аянтчасын куруп, ачылыш аземин өткөрүштү.
Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жол, көпүрө оңдолуп, мончо жана ветеринардык сервис салынат. Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров Ак-Сайга өрөөнүн барып, быйылкы жылга жасалчу жумуштарды пландады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.
Ат-Башы районундагы медицина кызматкерлери Ковид-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын башчысы Илим Бейшеналиев билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2021-жылы вирус катталган жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын ФАП кызматкери медайым Садыкова Гуланда билдирди.
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө жашылдандыруу иш- чарасы боюнча 10 карагай отургузулду.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары арасында «Жараксыз батарейкаларды чогултуп, жаратылышты сакта деген аталыштагы конкурс болуп өттү.
Ат-Башыда Мындан 76 жыл мурун Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, эл-жер үчүн жанын берген маркум жоокерлерди эскерүү иш чарасы болуп өттү.
7-майда Ат-Башы районунун акими жанан орун басарлары райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка долбоор аркылуу жылуулук системасы орнотулуп, эки имаратты кошуп турган коридор курулду.
Ат-Башы районунда туризмди өнүктүрүү, чет жерден келген конокторго шарт түзүү, райондун экономикалык абалын жакшыртуу максатында форум болуп өттү.
Ат-Башыда калкты тейлөө борбору жаңы имаратка которулуп, электрондук кезек менен иштеп баштады.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Ошентсе да көпчүлүк шайлоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы келишип, бирок референдум тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын ишкер айымы, ардактуу мугалим Гүлнара Семетеева 2021-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн “Доорду өзгөрткөн айым” деген аталыштагы улуттук форумга катышып келген.