Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Ак- Талаада “Жыл мугалими — 2019” жыйынтыкталды

Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “Жыл мугалими — 2019” кароо-сынагы жыйынтыкталды.

3 Май 2019 жыл 0:25

Отко тосуп, эт жүрөгүң бооруңду, күндө бизди тойгузасың казаным

Көп тарттың го ашказандын азабын, Бүгүн сага Баткен күрүч басайын. Отко тосуп, эт жүрөгүң бооруңду, Күндө бизди тойгузасың казаным. Оргушталып кайнайт менде далай сыр, Оо казаным, жакшы күнгө жарай жүр. …

28 Апрель 2019 жыл 21:38

“Жаш талант-2019” кароо-сынагы болуп өттү

Ак-Талаа райондук К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө салтка айланган  “Жаш талант-2019” кароо-сынагы өткөрүлдү. Аталган сынакты Балдар билим берүү борбору өткөрүп, катышуучулар 8 багытта ат салышты: “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, дастан …

27 Апрель 2019 жыл 22:19

“Сахна-жашоомдун жаңы бурулушу”

Сайрагүл окуп жүргөн кезинде мектептин маданий иштерине катышып жүргөнү менен кесип тандоого келгенде башка жолду тандап алды. Бирок көкүрөктөгү талант акыры чыгармачылык чыйыр жолго-сахнага алып келди.

25 Апрель 2019 жыл 23:47

Кароосуз калган ит-мышыкка жардам бергиси келген Чачыкей

Чачыкей Аманова Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулуп-өскөн. Учурда Түркиянын Стамбул шаарындагы эң алгачкы жана алдыңкы Стамбул университетинин экономика бөлүмүндө окуйт.

24 Апрель 2019 жыл 13:37

Быйыл сугат сууга тартыштык болот

Баетов айылында жазгы талаа иштери башталып, бүгүнкү күнгө чейин 20 гектарга жакын жер айдалып бүттү. Айдап себүүгө даярдык учурунда бардык техникалар кароодон өткөрүлгөн.

18 Апрель 2019 жыл 0:09

Баетов айылынын балбан кызы Түркиядан коло медаль тагынды

Баетов  айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Түркиянын Анталия шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 3 орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Бул боюнча Билимбек кызы Калмира …

16 Апрель 2019 жыл 14:58

Каныбек Эсеналиев: «Билим берүү тармагында өсүш бар»

«Билим берүү тармагында өсүш бар»,- дейт Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев. Быйылкы окуу жылында райондун аймагындагы окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө, кылмыштуулукту алдын- алууда иштер жүргүзүлдү.

15 Апрель 2019 жыл 21:28

Баетов айылынын борборундагы саат коюлгандан бери иштебей турат

Баетов айылынын 90 жылдыгына карата борбордук аянтчага саат коюлуп, бирок ал ошол эле күнү иштен чыгып калган. Жашоочулар саат  төрт тарабы төрт башканы көрсөтүп, коюлган күндөн баштап бир да жолу …

11 Апрель 2019 жыл 22:00

Баатырларды эскерүү иш- чарасы болду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрелде курман болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү. Аталган иш- чара Карасартов Адилет Сүйүндүк уулунун эстелигинин жанында болуп өтүп, революцияда шейит кеткендерге куран окулуп, эстеликке …

9 Апрель 2019 жыл 22:14

Ак-Талаалык студент кыздар арасында волейбол оюну өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун аймактарынын ынтымагын бекемдөө, сергек жашоого, дене-тарбия жана спорту өнүктүрүү максатында «Ак-Талаа Биримдигинин» «Жаштар канаты» тарабынан Бишкек шаарында студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча турнир ийгиликтүү жыйынтыкталды.

1 Апрель 2019 жыл 1:30

10-класстын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты

24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы 10-класстын окуучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган жүрүштүн негизги максаты элдерге бул илдет боюнча маалымат берүү, кантип сактануу керектиги тууралуу …

25 Март 2019 жыл 13:02

Таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды. Буга чейин тургундар таштандыны атайын жайга өздөрү алып барып ташташчу.

23 Март 2019 жыл 10:24

Жаңы-Талаптагы токойчунун үйү толук оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү токойчунун үйү 537 миң сомго толук оңдоодон өттү. Бул үй 1962-жылы курулган. Аны оңдоо иштерине жаратылыш коргоо тармагын өнүктүрүү фондусунан 537 миң сом каражат …

7 Март 2019 жыл 19:11

Мугалимдер аралык волейбол оюну болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында 8-март «Аялдардын эл аралык майрамына» карата волейбол оюну болуп өттү.

7 Март 2019 жыл 19:04

Менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде менталдык арифметика боюнча облустук деңгээлде олимпиада өткөрүлдү.

6 Март 2019 жыл 14:18

Нарын районунун аймагында жолугушуулар өткөрүлүүдө

Нарын районунун аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде, жер-жерлерде окуучулар, ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

5 Март 2019 жыл 22:31

Кыргыздын улуттук баш кийими даңазаланды

Жылда 5-мартта Кыргызстандын ар бир бурчунда улуттук баш кийимдин урматына Ак калпак күнү белгиленет. Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү.

5 Март 2019 жыл 21:35

Бийиктиги бир жарым метр келген калпак тигилди

5-март Ак калпак күнүнө карата Балдар Билим Берүү борборунун кол өнөр ийриминин мугалимдери Токтосун кызы Айгерим, Молдакунова Венера, ошондой эле сүрөт ийриминин мугалими Мамбетов Акыл кийизден диаметри 2 метр, бийиктиги …

5 Март 2019 жыл 20:43

Англис тилинин декадасы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан КР «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана окуучуларды англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында 2019-жылдын 11-февралынан 22-февралга чейин республиканын …

22 Февраль 2019 жыл 23:24
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...