Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Балыкчыда Манас таануу интеллектуалдык таймашы болуп өттү

Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы №6 орто мектебинде “Урааным-Манас, улутум-кыргыз!”-деген теманы камтыган Манас таануу интеллектуалдык таймашы өтүлдү. Таймашка 8-классынын окуучуларынан түзүлгөн тайпалар катышышты.

29 Ноябрь 2023 жыл 22:52

Балыкчы: СПИДден коргонуу күнүнө карата флешмоб сынагы уюштурулду

24-ноябрь күнү Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде “1-декабрь- Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө” карата атайын сценка жана флешмоб сынагы болуп өттү.

29 Ноябрь 2023 жыл 22:18

Ак-Талаада зордук-зомбулукту алдын-алуу иш-чарасы болуп өттү

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын …

28 Ноябрь 2023 жыл 12:03

Мыйзамсыз токой кыюуну алдын алуу боюнча маалыматтык иштери башталды

Кочкор райондук Токой чарбасы 2023-жылдын 1-ноябрынан баштап 2024-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамсыз токой кыюунун кесепеттерине жана коркунучтарына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында маалыматтык иш-чараларды жүргүзүүнү баштады.

28 Ноябрь 2023 жыл 9:41

Ишкер айым Насыйкат Муканбетова боюнча презентация жасалды

Усупбекстан жамааттык мультимедиа борбору учурда ишкер айымдар долбооруна катышып жатат. Борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова чет өлкөдө ийгиликтерди жараткан ишкер айымдар тууралуу позитивдүү материалды даярдоо менен биргеликте окуучуларга аларды тааныштыруу иштерин …

27 Ноябрь 2023 жыл 15:08

Зейнеп Бекбоева майыптыгы бар балдарды ашпозчулук кесипке үйрөтөт

Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейде Зейнеп Бекбоева «ашпозчу» кесиби боюнча сабак берет. Ал уникалдуу реабилитациялык топто сабак өтөт, ал жерде социалдык камсыздоого муктаж студенттер, ошондой эле майыптыгы бар балдар билим алат.

26 Ноябрь 2023 жыл 18:40

Динара Абакова: Үй-бүлөдө колдоонун жетишсиздигинен зомбулук күч алууда

Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү 25-ноябрда белгиленет. Бул көйгөйгө карата бүгүн,  социалдык тармактарда маалыматтар таратылып, Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.

26 Ноябрь 2023 жыл 12:42

№43-Кесиптик лицейинде «Мыкты ашпозчу»  кароо-таймашынын 2-туру өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде ашпозчу кесибинин окуучулары арасында кароо-таймаштын 3-туру болуп өттү.  Өткөн жумада «Мыкты ашпозчу»  кароо-таймашынын 2-туру өткөрүлгөн. Ал эми бүгүн 2-турдан тандалып алынган  келечектеги ашпозчулар …

25 Ноябрь 2023 жыл 21:52

Адам укуктарын илгерилетүү боюнча коомдук мониторинг жүргүзүү механизмдери талкууланды

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин (АОСМИ) мүчөсү «Жаңы-Жер» мультимедиа борборунун жетекчиси Бишкек шаарындагы  «Ramada» мейманаканасында өткөрүлгөн  «Адилеттүүлүккө мониторинг-Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы семинарга катышты.  Иш-чара гендердик теңчиликке, экологиялык укуктарга, …

25 Ноябрь 2023 жыл 14:28

Ак-Талаалык Нурзада Германияда IT тармагында иш алып барат

Нурзада Макеева адамдын жашоосун жеңилдете турган роботторду программалоо менен алектенет. Ал Германиядагы Hymmen GmbH Maschinen-und Anlagenbau аттуу заводдук индустриялык  машине куруучу заводдо жасалма интеллект боюнча программист-инженер болуп кызмат кылат.

25 Ноябрь 2023 жыл 9:25

Ишкер айым Чынара Жусупова чет жерден ишкерчилик кылууга шыктандырды

Ооган-Талаа жамааттык медиа борбору Америкада жүк ташуучу компания түптөгөн ишкер айым Чынара Жусупова тууралуу макала даярдаган. Ишкер айымдын тажрыйбасы, ишкерчилик тууралуу айткандары менен Ооган-Талаа айылынын окуучулары дагы тааныша алышты. 

25 Ноябрь 2023 жыл 8:45

Видео: Ак-Талаа райондук сотунда Ч. Айтматовго арналган адабий кече өттү

Ак-Талаа райондук соту “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата адабий кече өткөрдү. Кече кыргыз тилин өнүктүрүү жана даңазалоо, КРнын мамлекеттик тил жөнүндө …

25 Ноябрь 2023 жыл 8:18

Ак-Талаа: “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагы өткөрүлдү

Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлгөн. Аталган фестивалга райондогу мектептерден 13 жана балдар билим берүү …

25 Ноябрь 2023 жыл 8:08

Айтматовдун чыгармаларынын дүйнөгө тарашынын сыры илимий конференцияда айтылды

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыгы боюнча Базар-Коргон шаарындагы №1 Макаренко мектебинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча ар түрдүү тилде илимий конференция өттү. 

25 Ноябрь 2023 жыл 8:08

Тогуз-Торо: “Күн маек” уктуруусу аркылуу айыл тургундары түз эфирде суроолорун бере алышты

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысынын орун басары, гинеколог Роза Абильдаева биргеликте Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосунун түз эфиринде угуучулардын ар тараптуу суроолруна жооп …

24 Ноябрь 2023 жыл 21:14

Видео: Чоро Кожомжаровдун 80 жылдыгы белгиленди

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Чоро Кожомжаров маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Маданият үйүнүн ачылышы 15 -ноябрь күнү болуп өттү.

24 Ноябрь 2023 жыл 16:17

Ноокат: «Ак таңдай» акындар ордосуна 30 жыл

24-ноябрь күнү Ош шаарынын Кулатов айыл аймагына «Ак таңдай» акындар тобу айыл тургундарына концерт коюп беришти.  Концертке Кызыл-Булак айылынын жашоочулары келип, көрүп кетишти. 

24 Ноябрь 2023 жыл 10:18

Ирилешкен аймактарды колдоого акча каражаты берилди

Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10 млн. сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат …

24 Ноябрь 2023 жыл 8:00

Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн Курултайга делегаттар шайланды

15-декабрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү Курултайга Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн делегаттар шайланды. Алар: Азимжан Абдиллаев жана Абсатар Эшимбаев.

23 Ноябрь 2023 жыл 20:06

Ноокатта «Аалам алпы» аталышындагы семинар болуп өттү

23-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Камал Надиров атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Аалам алпы» аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга 80 …

23 Ноябрь 2023 жыл 18:19
Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...