Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

Чоң-Тогузбай айылынын ишкер айымы Динара

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Динара Мамытова айылдагы төрт дүкөнчүнүн бири.

21 Март 2017 жыл 15:24

Токтоянда райондогу мектеп директорлорунун семинары өттү

Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинде семинар болуп, ага Түп району боюнча жыйырмадан ашуун мектептин директорлору катышышты. Семинардын негизги максаты — “Бирге окуйбуз” долбоорунда жазуу көндүмдөрүн баалоо жана дилбаян картасын түзүү.

18 Март 2017 жыл 21:08

Кара-Талаада спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу боюнча демилге көтөрүлүүдө

Спирт ичимдиктеринин зыяны тууралуу коп эле адабий китептерде, илимий иштерде айтылып жазылып келет. Тилекке каршы, ичимдиктин даамын таткандан кийин ага баш оту менен кирип, чыгалбай аягы өкүнүч менен аяктаган фактылар …

17 Март 2017 жыл 17:14

Чоң-Тогузбайдын күндөн-күнгө өнүгүп келе жаткан жаштары

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында спорт сарайы салынгандан бери чыгаан спортчу кыздар менен балдар күндөн-күнгө көбөйүүдө.

17 Март 2017 жыл 9:36

Барскоон айылынын 2017 жылга карата бюджети бекитилди

Бюджет 2017-жылдын 2-мартында айылдык маданият үйүндѳ, айылдык депутаттар жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен кабыл алынды. 

16 Март 2017 жыл 22:20

Токтоян: Окуучулар сыйлыктарга ээ болушту

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинин окуучулары Улуу Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болушту.

16 Март 2017 жыл 19:59

Чоң-Тогузбайда волейбол турнири болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында беш жыл мурда жол кырсыгынан каза тапкан маркум Талгат Келдибек уулунун жана Акбар Рыскуловдун элесине арналып райондук деңгээлдеги волейбол турнири болуп өттү.

14 Март 2017 жыл 17:52

Бактылуу энелердин бири Калия Жумабекова

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Калия Жумабекова сегиз баланын энеси. Ал бүгүнкү 8-март айымдардын эл аралык майрамын балдары менен чогуу, көңүлдүү өткөрүүдө.

8 Март 2017 жыл 22:05

Тогузбай айылында «Шайыр апалар» таймашты

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында “Шайыр апалар” таймашы болуп өттү. Бул таймаш 8-март эл аралык айымдар күнүнө арналып, ага айылдагы апалар катышты.

7 Март 2017 жыл 17:27

Айымдарга ыр десте

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын ФАО жааматы “Айымдарга ыр десте” аттуу концерт өткөрүштү. Концертти аталган уюмдун мырзалары уюштуруп, келе жаткан айымдарын эл аралык күнүнө арнады.

6 Март 2017 жыл 23:20

Мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы бир үй-бүлөдө үч бала мүмкүнчүлүгүнөн чектелип, учурда баса алышпайт. Аталган үй-бүлөгө айылдагы «Бугу-Эне» самын жамааты жардам көрсөтүп, балдардын бирине атайын отургуч жасатып беришти.

6 Март 2017 жыл 17:13

Чоң-Тогузбай айылынын ээрчиси Сагындык Муканбетов

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Сагындык Муканбетов ээр жасап өз үй-бүлөөсүн багат. Муканбектов бул өнөр менен жыйырма жылдан бери алектенип келатат.

3 Март 2017 жыл 15:57

Чоң-Тогузбайда кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын спорт сарайында кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү. Ага жети айылдын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама командалары катышып, Чоң-Тогузбайдын волейбол командасы 1-орунду алды.

3 Март 2017 жыл 15:47

Чоң-Тогузбайдын кадырлуу аксакалы Шейшенбек ата

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын кадырлуу аксакалдарынын бири Шейшенбек Соокеев 30 жылдан бери агроном болуп иштеп келет. Ал ошондой эле айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы.

2 Март 2017 жыл 17:07

Смартфон үчүн алтынчы сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …

2 Март 2017 жыл 14:57

Айылдык депутаттар татыктуу шайланды деп ойлойсузбу?

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын депутаттары жакында эле шайланды. Бул боюнча айыл тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

27 Февраль 2017 жыл 23:50

Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо» аттуу тарбиялык саат өттү. Ага 9-класстын окуучулары катышты.

27 Февраль 2017 жыл 19:31

Токтоян айылынын манасчы кызы Айсырга

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын таланттуу окуучуларынын бири -бул манасчы кыз Айсырга Шаршеева. Мугалимдердин айтуусуна караганда, Айсырга «Манасты» мыкты айткан өзүнүн таланты бар.

27 Февраль 2017 жыл 16:37

Мектепте аскердик мелдеш өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде буга чейин 16-февралда спорт оюндары боюнча мелдештин биринчи баскычы өткөрүлгөн. 20-февраль күнү ал мелдештин уландысы, аскердик мелдеш өттү.

21 Февраль 2017 жыл 22:09

Кыргыз адабиятынан билимиңиз кандай?

https://www.playbuzz.com/adikovaaigerim10/2-21-2017-10-44-01-am

21 Февраль 2017 жыл 16:47
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...