Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

“Тоо булбулу” борбору активдүү иштеп келет

Барскоон айылында “Тоо булбулу” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күндүзгү реабилитациялык борборунун ачылганына үч жылдын жүзү болду.  

16 Февраль 2016 жыл 14:33

Окуучуларга спирт ичимдиктерин сатып алууга тыюу салынды

Мамалекет тарабынан 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин пайдаланууга тыюу салынып жаткан учуру.

16 Февраль 2016 жыл 14:12

Барскоондо кыш цехи ачылды

Барскоон айылында кыш чыгаруу кичи цех ишке киргени турат.

16 Февраль 2016 жыл 14:02

Барскоондо “English school” англис курсу ачылды

“English school” англис тили курсу 2015-жылдын сентябрь айында ачылган. Э.Кендирбаев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнө тийиштүү имараттан бөлмө бөлүнүп берилген жана ал жерге ынгайлуу шарттар түзүлгөн.  

16 Февраль 2016 жыл 12:19

Клооп «Жаз-2016» 2-журналистика мектебине катышуу үчүн сынак жарыялайт

      Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 28-март, 2016-жыл Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (28-март …

15 Февраль 2016 жыл 12:51

ЖАЗ-2016 биринчи журналистика мектебинин катышуучулары

Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун алтынчы журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 15-февраль — 26-март аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Гульзада Бейшенбекова, «Ак кептер» …

15 Февраль 2016 жыл 12:42

Бүтүрүүчүлөр билим берүү борборунда билимин тереңдетишти

Кара-Талаа айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү кышкы каникулда  Secom билим берүү борборуна барып билимин тереңдетип келишти. Алар каникул учурунда үч жумалык убакытка Бишкек шаарында жалпы республикалык тестке даярданышты. Болот Алаков орто мектебинен жалпы …

13 Февраль 2016 жыл 16:02

Саламатнур Маратованын ырлары «Саамалык 12» китебинен орун алды

Болот Алаков атындагы орто мектебинин окуучусу Саламатнур Маратова 11-февралда Бишкек шаарында өткөн «Саамалык 12»китебинин ачылышына катышып келди.  

13 Февраль 2016 жыл 15:11

Кара-Талаада муз аянтчасына көңүл бурулбайт

Тоң районунун Кара-Талаа айылында «Арал» булуңу кыш мезгилинде дээрлик тоңуп калгандыктан, айыл тургундарына эс алууга жакшы шарт тузулду. Бир жагынан мындай чоң муз аянтчасы болсо, бир жагында ак куулар кышкысын …

13 Февраль 2016 жыл 14:58

Болот Алаков мектебинде спорт мелдештерине даярдыктар жүрүп жатат

Тоң  районунда жакында 12 мектеп арасында спорттук мелдеш жүргүзүлөт .Ушул мелдешке Болот Алаков мектебинин окуучулары кызуу даярданууда.

13 Февраль 2016 жыл 14:33

Көчөлөрдү жарыктандыруу уланууда

Кара-Талаа айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу  токтоп калбастан уланууда. Жакында эле Ажыбаева Райкан көчөсүнө заманбап жарык беруучу лампалар орнотулду.

13 Февраль 2016 жыл 13:23

Окуучулардын тартибин жакшыртуу үчүн жыйналыш өттү

12-февралда Б.Алаков атындагы орто мектебинде окуучулардын зордук-зомбулугун, кылмыштуулугун алдын алуу боюнча жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка райондук прокурордун орун басары, мамлекеттик администрациядан, райондук билим берүү бөлүмүнөн, балдарды коргоо жана колдоо бөлүмүнүн …

13 Февраль 2016 жыл 12:44

Токтоян: Мектепте англис тил жумалыгы өткөрүлдү

Токтоян айылынын А.Коёнкөзов атындагы мектебинде англис тил сабагы боюнча жумалык өткөрүлдү. Бул жумалык 8-февралдан баштап 13-февралга чейин өткөрүлдү, ага 5-класстын окуучуларынан баштап 11- классынын окуучуларына чейин катышышты. Мектепте англис тил …

13 Февраль 2016 жыл 12:38

Түз эфирде имам тарбия иштерин жүргүзүүдө

Улахол FM жамааттык мультимедиа борборунда ар жума күнү айылдын имамы Сулайманов Расул түз эфирде элдерге ислам дини боюнча баян айтып жатат.

13 Февраль 2016 жыл 12:10

Токтоян: Айыл башчынын 2016-жылга карата иш чаралары

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов 2014-жылы айыл башчы болгон. Ал айыл башчы болгондон тартып, эмне иштерди аткарганы жана 2016-жылга койгон пландары боюнча биз менен ой бөлүштү.

11 Февраль 2016 жыл 16:40

Тасма: 36 жылдан бери элдерди дарылоо менен алектенген Айгүл Садабаева

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ооруканасында Айгүл Саадабаева медайым болуп эмгектенип келет. Кичине кезинен эле ак халат кийип элдин керегине жарасам деген кыялдарын оорундатып, ушул кесиптин ээси болгонун …

8 Февраль 2016 жыл 18:27

Тасмада муз аянтчасы кызмат кылууда

Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.

1 Февраль 2016 жыл 17:28

“Маданият жана тарых” жылына карата райондук сынакка тандоо туру Тасмада болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты. 

1 Февраль 2016 жыл 17:06

Сүрөт баян: Тасмада аяздуу кыш

Түп районунун Тасма айылын ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Айыл тургундары быйыл кардык кечирээк түшкөнүн белгилеп жатышат.

25 Январь 2016 жыл 10:14

Кыш суугуна баш ийбеген малчылар [+сүрөт]

Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат. Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. …

17 Январь 2016 жыл 15:14
Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...