Ысык-Көл областынын Түп районунда жаштар арасында китеп окууну даңазалоо жана билим алууга кызыктыруу максатында Түп районунун мектеп окуучулары арасында тест өтүлдү. Тест Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча берилди.
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев мектебинде Айтматовдун туулган күнүнө карата тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатты 4-классынын жетекчиси Элзат Эсенгелдиева өткөрдү. 4-классынын жетекчиси Элзат Эсенгелдиеванын айтуусунда «Бүгүн 12-декабрь …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында райондук семинар болуп өттү. Аталган семинарда башталгыч класстар кыргыз тил, математика, мекен таануу сабактары боюнча ачык сабак өтүшүп, мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу жүрдү.
Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында күз мезгили айыл тургундарына абдан жагат. Күзүндө эгин, картошка жыйналат. Элдин баары быйыл күздүн берекесине ыраазы, быйыл күз мезгили түшүм мол мезгил …
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында тигүүчү цехтин ачылышы болду. Айылдагы сегиз айым тигүүчүлүктү окуп келгендер акча чогултуп тигүүчү цехти ачышты.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы орто мектептин 5-класстан 7-класска чейин түшум майрам, 8-класстан 11-класска чейин КВН өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы №19 орто мектебинин 4-классынын окуучусу Айназ Жолалиева 8 жашынан бери сабактан сырткары ыр жазуу менен алектенет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин «Тимурчулар» тобу «Карылар күнүнө» карата айылдык жалгыз жашаган карыларга жардам беришти. Бул иш-чара жыл сайын мектептин «Аваз» уюму тарабынан …
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында түшүмдүн былтыркы жылга караганда быйыл мол болгондугун айыл тургундары билдиришет.
2019-жылдын 9-майы Улуу Жеңиштин 74-жылдыгына карата Республикалык “Эрдиктердин изи менен” деген сынакта Сопиев мектебинин окуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүшкөн. Аталган конкурска он окуучу катышып, төртөө алдынкы орундарды ээлешкен.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ар бир көчөнүн аттары айылдан чыккан атактуу адамдардын ысымдары менен жаңыланды. 2020-жылы «Эл жана турак жайды каттоо» жүрө турганы кабарланып, ошол максатта көчөлөрдүн …
Тасма айылынын жаш футболчулар тобу райондук футбол оюнунда 2-орунду ээлеп, грамота 6 000 сом утуп алышты. Аталган оюн Арал айылынын тургуну Болот Ракымов өткөзүп, баш байгеге акчалай сыйлыктар коюлган. Өткөзүлгөн …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучулары мугалимдердин майрамына карата концерт коюшуп,мугалимдердин көңүлүн көтөрүштү.
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин алдына таман таш төшөлдү. Иш-чара айыл өкмөт тарабынан жана «Ысык-Көл өнүктүрүү» фонду тарабынан каржыланып 450 чарчы метр жасалды.
Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Ысык-Көл органикалык биргелешкен уюмдунда иштеген Эркинбек Дюшебаев как кургатуучу аппарат менен ал эми Сагынай Осмонакунова дары чөптөрдү алып кургатышууда. Бул иш-чара Ысык-Көл органикалык …
Айыл жашоочулары күз мезгилинде оруп-жыйган арпа буудайларды короодон кампаларга чейин ташып киргизишсе, бул ирээт Бейшенбай Саадабаев жумушту женилдетуу максатында арпа, буудайды тез киргизүүчү шайман ойлоп тапты.
Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү «Кыргызстандын бермети» деп аташат. Кылымдар бою сакталып урпактарга өткөн көл, азыр да өзүнө миңдеген туристтерди тартат. Кыргыз бермети- Ысык-Көл жөнүндө канчалык …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндөгү Альтернатива кызматынын кызматкери, «108 саат коомдук иштерге кызмат кылуу» деген буйрук мыйзамдын негизинде, коомго иштеп берүүсү тийиш. Ошолордун бири эстеликти тазалап иштөөдөн …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы үчүн эски имарат жаңыланып, заманбап оңдоодон өтүп жатат. Бала бакча ушул жылдын сентябрь айында ишке кирет.