Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Тасма

Элеттик мугалим күнүгө он чакырым аралыкты басып жумушка келет

Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.

4 Март 2021 жыл 19:45

Зийнаш Жунушова табигый жүндөр менен жылуу жүн байпактарды токуйт

Илгерки ата-бабалар кийген жүн байпак кайрадан элдин кызыгуусун жаратты. Ал алгач өзүнүн балдарына койдун жүнүнөн жип ийрип алып, байпактарды сатат.

4 Март 2021 жыл 19:40

Сүрөт баян: Түптөгү азыркы абал

Кыш бүтөрүнө саналуу күндөр калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болууда. Айланага кооз көрүнүш тартуулаганы менен кылычын кармаган кыш адамдарга кыйынчылык жаратып жатат.

28 Февраль 2021 жыл 16:40

Түптө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси …

27 Февраль 2021 жыл 18:37

Окуучуларга табигый кырсыктардан коргонуу максатында машыгуу өттү

Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде окуучулар үчүн машыгуу өттү. Машыгуунун максаты, өзгөчө кырдаал болгон учурда окуучулардын өзүн- өзү алып жүрүүсүн,  тез убакытта мектептен абайлап чыгууну үйрөтүү.

21 Февраль 2021 жыл 14:23

Түп районунун мугалимдери менен окуучулары арасында китеп окуу боюнча сынак өтөт

Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт. 

19 Февраль 2021 жыл 20:01

Токтоянда «Окуу керемет» долбоору ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу мектептерде окуу жөндөмүн арттыруу боюнча USAID дин «Окуу керемет» долбооруна ар бир мектепте иш-чаралар башталды.

15 Февраль 2021 жыл 21:08

Тасмада окуучулар англис тил жумалыгына активдүү катышышты

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.

14 Февраль 2021 жыл 21:33

Окуучу кыз түрдүү кагаздардан гүл жасап акча табат

Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.

14 Февраль 2021 жыл 14:59

Инаугурацияда туу көтөргөн жоокер мекенди сүйүүгө чакырат

«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».

13 Февраль 2021 жыл 19:54

Быйыл Ленинград блокадасына 77 жыл болду

Ленинград шаарынын фашисттик баскынчылардын курчоосунан бошотулган күн Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө күн. Баласы Марат Мусаевдан бул күн туралуу сураганда ал төмөнкүлөргө токтолду.

11 Февраль 2021 жыл 19:09

«Бир адамдан бир китеп» акциясынын максаты окурмандарды китеп окууга тартуу

«Бир адамдан бир китеп» -долбоору республиканын дээрлик бардык аймактарында кызуу уланууда. Бул акциянын алкагында айылдагы каралбай жаткан, жаңы китептер жокко эсе китепканалар адабий жаңы китептер менен толукталууда. Бул иш-чарага ар …

11 Февраль 2021 жыл 18:58

Жазга даярдык жана дыйканчылыкты өнүктүрүү семинары болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жазга даярдык, себүү иштери боюнча семинар өтүлдү. Ага Тогузбай, Токтоян, Тасма айылдарынын фермерлери жана Түп райондук администрациясынын кызматкерлери катышышты. Окутуу талаа иштерин жөнгө …

10 Февраль 2021 жыл 8:35

Тасмада жугуштуу оорулардан сактануу иштери жүргүзүлүүдө

21-кылымдын чумасы деп аталган ВИЧ СПИД ооруусу туурасында окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу иш чарасы жүрүүдө. Бул дарт көп жылдардан берки адамдардын чоң көйгөйү. Илдет тууралуу, алдын алуу чаралары ал кандай учурда …

9 Февраль 2021 жыл 13:36

Тасма айылына берилген тез жардам унаасы ишке кирди

Ысык-Көл облусунуна караштуу Түп районундагы Тасма айылына берилген жаңы тез жардам унаасы элге кызмат көрсөтүп баштады. Мурда айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгон менен талаптарга жооп берчү эмес. Ал …

2 Февраль 2021 жыл 9:10

Элеттик уз айым ишкердик менен алектенет

Ысык-Көл облусунун, Туп районуна караштуу Арал айылынын тургуну ишкер айым Роза Корпобаева бала чагынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, кармооч, улуттук баш кийимдерди жана кызга сеп даярдайт. Анын …

1 Февраль 2021 жыл 19:48

Жаштарды өнүктүрүүгө багытталган тренинг өттү

Тасма айылынын окуучусу Аяна Жайлобаева долбоор жазып долбоордун алкагында эки күндүк тренинг өтүлдү. Тренингден жаштар кызыктуу маалыматтарды биле алышты. Анын ичинде ар түрдүү оюндар ойнотулуп, белектер берилди. Бардык катышуучулар ушундай …

1 Февраль 2021 жыл 19:38

Сүрөт: Карантиндеги креатив

Карантин учурунда элди сактануу чараларына үндөөдө жалаң гана негативдүү элес калтырбастан жагымдууу маанай тартулоо максатында райондогу бир катар мамлекеттик мекемелерде кызыктуу эскертүүлөр илингенин көрүүгө болот. Адамдарга жагымдуу маанай тартулоо менен …

1 Февраль 2021 жыл 13:04

Айылдын кичинекей тургундары болгон үч эм кыз окуунун дагы алдыңкылары

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын тургундары Айшоола, Акбермет, Гулхан Тураровалар 2012-жылы жарык дүйнөгө келип, үй-бүлөсүн кубанычка бөлөшкөн. Учурда алар 2-класста окуп жатышат. Аталган үй-бүлөдө үч эм кыздарга чейин …

29 Январь 2021 жыл 11:32

Арал айылынын окуучусу Сингапурда билим алууга жолдомо алды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым  Мырзабекова  гранттын негизинде  «Келечек фонду»  тарабынан уюшулган  конкурстан женүүчү деп тандалып, анын негизинде Сингапур шаарында окуп келүүгө жолдомо алды.

24 Январь 2021 жыл 12:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...