Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

        Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин жалпы жамааты Нооруз майрамын ар жылы салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келишет.  Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун кудайдан суранышып, тилек тиленишет. Бүгүнкү күнү арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, май токоч бышырышып, сый тамагын жасап өткөрүүдө.

(далее…)

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Арис программасынын негизинде №12 Курама уулу Турусбек мектеби заманбап технологиялар менен жабдылды. (далее…)

 «Балдарды коргоо борбору»  жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп гимназиясында»STEM кербен- 2024″ иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага STEM мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан бардык ата-энелер, окуучулар, жергиликтүү активисттер, мугалимдер  чакырылган.
(далее…)

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн жана “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгына негизинде Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрктөндүрүү,жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялоо жөнүндөгү буйругун аткарууга алып, 2024-жылдын 16-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. 

Ишембилик болуп жаткан учур

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков ишембиликте тазалоо иштеринен сырткары, көчөттөр дагы отургузулганын билдирди. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого үндөп, экологияга, тазалыкка кам көрүү ар бир адамдан башаларын кошумчалады:

Асылбек Маткалыков

«Ишембиликке шаарыбыздагы мекеме-ишканалар, окуу жайлардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Ишембиликте сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүп, жолдор, тротуарлар тийиштүү абалга келтирилип, ошондой эле тазалоо иштери жүрүп, жаңы көчөттөр отургузулду.»

Ишембилик болуп жаткан учур

Ишембилик болуп жаткан учур

Жумагүл Көчкөнбаева 

Токтогул районунуна караштуу Терек-суу айыл аймагында аким менен элдин  жолугушуусу болуп өттү. Чогулушта бириктирилген эки айыл өкмөттүн жаңы башчысы шайланды. Эки айыл башчыларынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалымат берилди.  Ошондой эле айылдыктар суроо узатып  жооп алышты. (далее…)

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагынын Кызыл – Туу айылында Жалган Куран айында Сокулук райондук мамлекеттик  администрация башчысы – аким Илияз Ташкулов айылдын тургундары менен жолугушту.

Айыл башчысы Эдик Сартпаев

(далее…)

Токтогул районунун Чолпон -Ата айыл аймагынын социалдык өнүгүүсүнө,элдин жашоо-шартын жакшыртуусуна салымын кошкон «Ардактуу атуул» Мазар-суунун кулуну Сергей Чиналиев айылыдагы Жоомарт Бөкөнбаев мектебине үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам көрсөтүп келген. Бул жылы өзү жазган «Бугу-токой жана тоолордун өкүмдары»китебин башталгыч класстын окуучуларына белекке берди.
(далее…)

Жеке ишкер Самара Кушубакова Кыргызстандын даамы ”Накта как” ишканасынын негиздөөчүсү. Ал экопродукция өндүргөн иш кананы ачуусуна балдарынын авитаминоз болушу себеп болгон. Учурда анын командасында 6 адам иш менен камсыз болуп, 25 түрлүү табигый продукция өндүрүүдө.
(далее…)

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында аким менен элдин жолугушу  болуп өттү. Чогулушта жергиликтүү тургундар  акимге суроолорду узатып, бир канча көйгөйлөрүн айтышты. Алардын негизги маселелери катары электр энергиянын жетишсиздиги, таза суу жана цемент заводдун көйгөйлөрү айтылды. 

(далее…)

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Бошубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

(далее…)

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Кушчубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

(далее…)

Кыргызстанда АИВ адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому  менен катталгандардын жалпы саны 12495 болсо анын 7837си эркектер. Анын ичинде АИВ менен 761 балдар. АИВ  жөнүндө маалыматты төмөндөн окуңуз.
(далее…)

Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.  Ага райондогу  мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 команда катышты.
(далее…)

Акыркы жылдары Кыргызстан региондо e-gov санариптик трансформациялоо боюнча лидер болуп калды. Санариптик экономикага кыйналбай өтүү үчүн Кыргызстан кадрларды даярдоо системасын өзгөртүүсү керек. Бул бизге эмгек рыногунда эң көп талап кылынган компетенцияларга ээ адистерди тез жана натыйжалуу даярдоого мүмкүндүк берет.
(далее…)

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп  окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган  сүрөт сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.
(далее…)

 «Мектеп лигасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында  Ноокат районундагы мектеп окуучулар арасында жеңил атлетика боюнча райондук мелдеш болуп өттү.   Ноокат районунун биринчилигинде 2007-2008-жылкы балдар арасында 3000 метр аралыкка чуркоо мелдеши да болууда.

Мелдешке катышкан окуучулар

Мелдешке катышкан окуучулар

Т. Айбашев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Ысак Арстанов «Бул мелдешке жалпысынан 15 окуучу катышты. Алардын арасынан 9 окуучу Крос мелдеши боюнча катышты, 6 окуучу Лига мелдеши боюнча катышты. Крос мелдеши боюнча 1-орунду Камалов Нурмухаммед, Токтосунова Жумагүл, Акматалиев Баэл, Умаралиев Самат багындырды.

2-орунду Маматазимов Каниет,  Ибрагимова Самира,  Баймуратов Даниел багындырды.

Ал эми 3-орунду Мурзалиев Мурас, Кубатов Нурислам камсыз кылды. Окуучуларга кааларым мындан ары да талыкпай аракет кылуу жана көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүн каалайм.»

Мелдешке катышкан окуучулар

Жумагүл Көчкөнбаева

Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.
(далее…)

Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.

Жөө жүрүш учуру

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев райондун тургундарын Ак калпак күнү менен куттуктады.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев

Ак калпак күнүнө арналган жүрүшкө Кочкор районунун мекеме жетекчилери, мектеп окуучулары катышты. Ошону менен бирге жүрүшкө катышкан  мырзалар бүгүнкү майрам эмнеси менен маанилүү экенин айтып беришти

Кочкор айылынын тургуну Асанбек Молдалиев

Кочкор райондук «Тазалык» ишканасынын кызматкери Асанбек Молдалиев :» Ак калпак күнү кыргыз элибиз үчүн эң маанилүү күн деп ойлойм. Башыбыздан ак калпакты түшүрбөй, кыргызды даңазалап, ким экенибизди көрсөтүп  турган күн деп эсептейм»

Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын 11-классынын окуучусу Ислам Камбаржанов

Ал эми 11-класстын окуучусу Ислам Камбаржанов: «Ак калпактын ыйыктыгы, бийиктиги, улуулугу менен маанилүү деп ойлойм. Кыргызды жана биз жашаган өлкөбүздү биздин улуттук баш кийим менен таанылып жатабыз десем жаңылышпайм»

Жыйынтыгында маданият үйүнүн кызматкерлери майрамдык концерт тартуулашты

Канайым Мирланова, Асема Молдошева, Мырзайым Төлөбекова,Мадина Жокенова

Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март  ак калпак күнүнө белгиленди.

(далее…)

Т. Кулатов айыл өкмөтүнө Көк-Жар айылынан келген Сатар Миңбаев айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө 2 созыв айыл өкмөт башчы болуп иштеген.
(далее…)