Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Бошубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

(далее…)

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Кушчубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

(далее…)

Кыргызстанда АИВ адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому  менен катталгандардын жалпы саны 12495 болсо анын 7837си эркектер. Анын ичинде АИВ менен 761 балдар. АИВ  жөнүндө маалыматты төмөндөн окуңуз.
(далее…)

Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.  Ага райондогу  мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 команда катышты.
(далее…)

Акыркы жылдары Кыргызстан региондо e-gov санариптик трансформациялоо боюнча лидер болуп калды. Санариптик экономикага кыйналбай өтүү үчүн Кыргызстан кадрларды даярдоо системасын өзгөртүүсү керек. Бул бизге эмгек рыногунда эң көп талап кылынган компетенцияларга ээ адистерди тез жана натыйжалуу даярдоого мүмкүндүк берет.
(далее…)

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп  окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган  сүрөт сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.
(далее…)

 «Мектеп лигасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында  Ноокат районундагы мектеп окуучулар арасында жеңил атлетика боюнча райондук мелдеш болуп өттү.   Ноокат районунун биринчилигинде 2007-2008-жылкы балдар арасында 3000 метр аралыкка чуркоо мелдеши да болууда.

Мелдешке катышкан окуучулар

Мелдешке катышкан окуучулар

Т. Айбашев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Ысак Арстанов «Бул мелдешке жалпысынан 15 окуучу катышты. Алардын арасынан 9 окуучу Крос мелдеши боюнча катышты, 6 окуучу Лига мелдеши боюнча катышты. Крос мелдеши боюнча 1-орунду Камалов Нурмухаммед, Токтосунова Жумагүл, Акматалиев Баэл, Умаралиев Самат багындырды.

2-орунду Маматазимов Каниет,  Ибрагимова Самира,  Баймуратов Даниел багындырды.

Ал эми 3-орунду Мурзалиев Мурас, Кубатов Нурислам камсыз кылды. Окуучуларга кааларым мындан ары да талыкпай аракет кылуу жана көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүн каалайм.»

Мелдешке катышкан окуучулар

Жумагүл Көчкөнбаева

Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.
(далее…)

Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.

Жөө жүрүш учуру

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев райондун тургундарын Ак калпак күнү менен куттуктады.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошев

Ак калпак күнүнө арналган жүрүшкө Кочкор районунун мекеме жетекчилери, мектеп окуучулары катышты. Ошону менен бирге жүрүшкө катышкан  мырзалар бүгүнкү майрам эмнеси менен маанилүү экенин айтып беришти

Кочкор айылынын тургуну Асанбек Молдалиев

Кочкор райондук «Тазалык» ишканасынын кызматкери Асанбек Молдалиев :» Ак калпак күнү кыргыз элибиз үчүн эң маанилүү күн деп ойлойм. Башыбыздан ак калпакты түшүрбөй, кыргызды даңазалап, ким экенибизди көрсөтүп  турган күн деп эсептейм»

Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын 11-классынын окуучусу Ислам Камбаржанов

Ал эми 11-класстын окуучусу Ислам Камбаржанов: «Ак калпактын ыйыктыгы, бийиктиги, улуулугу менен маанилүү деп ойлойм. Кыргызды жана биз жашаган өлкөбүздү биздин улуттук баш кийим менен таанылып жатабыз десем жаңылышпайм»

Жыйынтыгында маданият үйүнүн кызматкерлери майрамдык концерт тартуулашты

Канайым Мирланова, Асема Молдошева, Мырзайым Төлөбекова,Мадина Жокенова

Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март  ак калпак күнүнө белгиленди.

(далее…)

Т. Кулатов айыл өкмөтүнө Көк-Жар айылынан келген Сатар Миңбаев айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө 2 созыв айыл өкмөт башчы болуп иштеген.
(далее…)

Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен  уюштурулду.
(далее…)

Базар-Коргон районундагы сейил багына аты ыйгарылган мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун элесине арналган эстеликти ачуу аземи райондун борбордук аянтында өттү.
(далее…)

Бул жылы орозо айы 11-мартта башталды. Мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармаган Рамазан айы ден соолукка оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, орозо кармоонун таасири ар бир адамга, алардын жалпы ден соолугуна, физикалык активдүүлүк деңгээлине жана башка факторлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн.
(далее…)

Токтогул районунун, Ак-Тектир айылында кыз-келиндер, апалар, айыл элинин ден соолугун чыңдоо үчүн зал ачылды. Ден соолукту чындоочу залы Швейцария өкмөтү тарабынан «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу алдын алуу» долбоору аркылуу каржыланып, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулуп ачылыш аземи болду. (далее…)

Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталган шаардагы медициналык окуу жайдан билим алып, фельдшердик кесипке ээ болгон. Күндүн кайсы маалы же жуманын кайсы күнү болбосун айылдаштарынан жардамын аябаган Нуржан айым калктын кадырлоосуна ээ болуп, жолдошу экөө беш баланы тарбиялап келет. Айтымында бул иште эмгектенип келе жатканына 30 жыл толду. “Илдет дем алыш же майрам күнгө карабайт да ошол себептүү дайыма жумуштабыз”,- деген Нуржан Сейдалиева түйшүктүү иши тууралуу айтып берди.

(далее…)

Маалыматка жетүү үчүн улуттук өнөктөштөрдүн керектөөлөрүн ыкчам баалоо, медиа сабаттуулукту илгерилетүү жана плюрализмди өнүктүрүү жаатында улуттук консультативдик жолугушуу болуп өттү.

2024-жылдын 29-февралында Ош шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму (ЮНЕСКО) менен биргеликте улуттук консультациялык жолугушуу болуп, ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, билим берүү тармагынын, жарандык коомчулуктун, этностор аралык мамилелер боюнча коомдук консультативдик кеңештердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында, Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин ишке ашыруусунун жана Бириккен Улуттар уюмунун Тынчтык куруу фондунун колдоосунда уюштурулду.

“Дискриминацияга каршы күрөшүү күнү” жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө 1-мартта белгиленет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ВИЧ/СПИД боюнча Биргелешкен программасы (ЮНЭЙДС) 2013-жылдын декабрь айында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Декскриминацияга жол жок” кампаниясын баштаган. Майрам 2014-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча биргелешкен программасынын аткаруучу директору Мишель Сидибе тарабынан негизделген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык Кыргызстан боюнча ВИЧ позитивдүү жарандардын саны – 12495 болсо, анын 7837 эркектер, ал эми 4658и аялдар. Балдар арасында ВИЧ менен жашагандардын саны 761 болгон. Аталган борбордун статистикасына таянсак Жалал-Абад облусу боюнча 1439 катталса анын 782си эркектер болгон.

«ВИЧ бул кадимки оорулар сыяктуу эле дайыма даары ичип, анализ тапшырып өмүрүнүн аягына чейин жашаса болот», — деп билдирди Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун диспансердик бөлүмүнүн бөлүм башчысы Мыктыбек Мамашов.

Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун диспансердик бөлүмүнүн бөлүм башчысы Мыктыбек Мамашов.

«ВИЧ менен жашоо” аттуу подкастында ВИЧ позитивдүү жарандардын жашоосу, дарылануусу, жакындарынын жана дарыгерлердин колдоосу тууралуу айтып берди. Кызыктуу жана таасирдүү подкастты угуңуз:

«ВИЧ мене жашоо» подкастын калтырбай угуңуз.

Гулназ Камбарали кызы

 

 

Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга байланыштуу экенине да маани берилди.

(далее…)

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын энелери даңк медалдары  жана баатыр эне ордендери менен сыйланышты. Учкун айыл аймагына Учкун, Куланак жана Жылан — Арык айылдары кирет. Үч айылдан 5 эне «Баатыр эне» ордени 3 эне «Эне даңк» медалдары  менен сыйланышты. 

(далее…)