Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарында  жер адистери, аппарат кызматкерлери бардык көчөлөрдө кызыл сызыктарды аныктоо иштерин башташты. Алар райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган документтин негизинде, жер-жеринде кызыл сызыкка кирип кеткен жерлерди тактап, ээлерине он күндүн аралыгында тосмолорду жылдыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. (далее…)

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесине жайкысын чет өлкөлүктөр жана жергиликтүү элдер да эс алууга барышат. Аларды меймандостук менен тосуп алган ашканалар жана көчө тамактары адамдардын маанайын көтөргөнгө ар дайым даяр.

(далее…)

Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы «Хияров Жума» дыйкан чарбасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын уюштуруусу менен тамчылатып сугаруу боюнча талаа күнү белгиленди. (далее…)

Дүйнө жүзүндө 40 миллиондон ашуун адам мажбурланган эмгектин курмандыгы (МОТ-2017) . Алардын 15,4 миллиондон ашыгы мажбурлап никеге туруунун курмандыктары болсо, 152 миллион бала мыйзамсыз балдар эмгегинин курмандыгы болушат. (далее…)

Адамдарды сатуу курал-жарак жана баңги заттарын сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун, өзгөчө анын трансулуттук жагында кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды ар кандай: эмгектик, сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкалардан турат. Адамдарды сатуунун масштабын аныктоо өтө кыйын, анткени ал латенттик (жашыруун) мүнөздө. (далее…)

Фишинг (англис тилинен которгондо «балык уулоо, тутуу») — колдонуучунун аты, сыр сөзү, банктык эсеби ж.б. ушул сыяктуу жеке маалыматтарын урдоого багытталган интернет алдамчылыктын түрү. Алдамчылар бул билдирүүлөрүндө колдонуучуну ар кыл себептерди айтып, эсебин жаңылоосун, маалыматтарын кайрадан киргизүүсүн өтүнүүсү мүмкүн.

 

Аэлита Сейдакматова

Ооган-Талаа айылынын тургуну Хамразбек Дөлдөев ижарага алган жаңгак токоюн дайыма жаңылап, жаш көчөттөрдү отургузат. Ал мындай кадамы менен картайып бараткан жаңгактардын орду жоголуп кетпеши керек деп эсептейт.  (далее…)

Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагында райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ыр кесе -2023» иш-чарасы болуп өттү.Иш-чарада айыл аймактын жашоочулары өнөрлөрүн тартуулап, кубулжута обон созуп, чимириле бийлешип, кыргыз элинин «Кыз узатуу» салтын сахналаштырып көрөрмандарга тартуулашты.


«Ыр кесенин» айыл аймактык деңгээлдеги тандоо туруна райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева баштаган бөлүмдүн кызматкерлери калыстык кылышты.


Кесипкөй эмес, эл ичинен суурулуп чыккан элеттик өнөр ээлеринин «Ыр кеседе» тартуулаган талантына жергиликтүү көрөрмандары ыраазычылык билдиришип, иш-чара жакшы маанайда жыйынтыкталды.


Бул иш-чара “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө “Улуттук программаны аткаруу максатында “ ишке ашырылуула.
Ыр кесенин максаты-кыргыз элинин каада-салтын жаштарга жайылтуу жана айыл аймактар арасындагы улуттар ынтымагын, маданиятын, достук мамилелерин чыңдоо менен кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн жаштарга, кийинки муундарга жеткирүү, улуттук наркты сактоо менен эл арасынан чыккан таланттарды аныктоо болуп саналат.
«Ыр кесе» салтка ылайык коңшу Красная-Речка айыл аймагынын таланттарына узатылды.

Венера Шонкоева

Нарын району тоолу өрөөн болгондуктан ар бир айылдын климаты, аба ырайы ар кандай. Мисалы кээ бир айылдарына эгин бышып, чөптөрү 2 ирет чабылса, кээ бир айылдарында эгин бышпайт жана чөп бир ирет гана чабылат.

(далее…)

Кыз ала качуу бүгүнкү күндө чоң көйгөй, кыз ала качкандар 5 жылдан 7 жылга жейин эркиндиктен ажыратылат. Ал эми Ислам дининде дагы ала качуу салт эмес жана күнөө болот дешет диний кызматкерлер. (далее…)

Советтик мезгилде эң абройлуу кесип – мугалимдик кесип эле. Айлык акысы башкаларга салыштырмалуу жогору, отун-суусу, энергия төлөмү, жол киреси бекер болчу. Эң башкысы ал дайыма сый-урматка бөлөнүп, эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүп турчу.Азыркы тапта ары түйшүктүү, ары татаал кесиптин ээлеринин абалы биздин өлкөдө кандай? Ал эми чет мамлекеттерде мугалимдин баркы кандай? Андан эмесе Varkey Foundation фонду өткөргөн эл аралык изилдөөгө көз чаптырып көрөлү.

 

Бакыт Кожокматов

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына 19-20-июль 2023-жылы Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү долбоорун ишке ашырган «Saemaul Undong» кыймылынын волонтерлору келди. Окуучуларга бий, таэквондо, кол өнөрчүлүк, тамак жасоо боюнча мастер- класс өтүштү.

(далее…)

Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылындаг жайгашкан «Ранчо» ишканасынын жетекчиси Данияр Джунушов 500миң сомдук сертификаттын ээси болду. Жеке ишкер мал чарбачылык, аары багуу жана туризм багытында иш алып барат. (далее…)

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 4 жылдан бери кызыктуу таймаштар өткөрүлүп келет. Оюндун уюштуруучусу Аза Тилекматова. (далее…)

Ала качууну салт деп ойлогондор жаңылышат. Анкени ала качуу мыйзамга ылайык кылмыш болуп эсептелинет. Ал гана эмес ала качуу “адам уурдоо” барабар. Бирок ала качуу кылмыш экенин билсе да муну салт катары эсептегендер көп.
(далее…)

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында “Жашыл Учкун” муниципалдык ишканасы  түзүлүп, 8 тургун кызмат менен камсыз болду.

(далее…)

Венера Асанбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү)-37 жашта, учурда Ак-Талаа районундагы айылдардын биринде жашайт. Өзүнүн айтымында эки агасы, эки иниси өз жолдору менен кетип, очор-бачар болушкан. Ал эми өзү турмушта ала качуунун курмандыгы болуп, али күнгө чейин азабын тартып келет…

(далее…)

Алтынай Нурбекова үй кожойкеси, Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында турат. Жогорку билим алган жокмун, же иш жок дебестен үйдөн эле нандын түрлөрүн жасап, кызмат көрсөтөт. (далее…)

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенти Асель Жолдошбекова чычырканак менен сүзмөнүн аралашмасынан жаңы вирус аныктаган.  Ал бул эмгеги менен Кыргызстанга эле эмес чет  өлкөгө чейин таанылган. Асель Жолдошбекованын эмгеги  Орусиянын Чебоксары шаарындагы Илимий кызматташтык борборунуна жөнөтүлүп, аталган борбордон ага эмгегин тастыктаган күбөлүк тапшырылган.

(далее…)

Т.Кулатов айылында 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча, коомдук угуу болуп өттү. Бул иш- чарада ички көчөлөрдүн кеңейтүүсү, таза суунун жетишсиздиги, электр жарыгы менен камсыз кылуу маселелери каралды. (далее…)