Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Турмуш куруу максатында мажбурлап адам урдоо (Ала качуу) көбүн эсе элет жерлеринде орун алып келет. Муну айрым адамдар жактап, салт деп эсептеп келишкен. Түпкүлүгүндө бул салт болгону талаш-тартыш жаралып келет. Бирок кызды эркине каршы ала качуу бул туура эмес. (далее…)

Кыргызстандыктар көп жылдардан бери “Ала качуу” — деген көрүнүш менен күрөшүп келет. Адистер мындай жол адамдарды бактысыз кылып, анда туруктуу үй-бүлө куруу мүмкүн эмес экенин айтышат.

Талас районунун 31 жаштагы тургуну Ратбек Аязбеков учурда үй-бүлө кура элек. Ал коом тараптан жашына карап үйлөнбөгөнү үчүн сынга кабылып келгенин айтат:

“Калп айтпасам качан үйлөнөсүң деген суроону күнүгө угам. Мага тиешеси бар, жок адамдын баары учурашкандан кийин сөзсүз ушул суроону беришет. Башында аябай ыңгайсыз болчу, өзүмдү жаман сезип, эмне себептен мен ушул күнгө чейин жалгыз жүрөм деген суроо болгон башында. Кийинчирээк иммунитет пайда болуп калды окшойт. Азыр болсо буйруса, буйруган күнү деп эле жооп берип коем”.

Элдин дайыма айтып келген үйлөн деген басымын оор тийерин айткан каарманыбыз, соцтармактар аркылуу өз оюн, сезимдерин жеткиргенге аракет кылат:
“Биз бири бирибизди таба элекпиз. Эки адам ортосундагы макулдук менен гана үй-бүлө куруусу зарыл деген позицияны карманам. Бул бири бирин түшүнүп, колдоо көрсөтүү үчүн маанилүү келечекте. Ошондо гана туруктуу үй-бүлө жаралат”.

Раатбектин мындай көз карашы болгондугуна ата-энеси себепкер деп эсептейт. Алар өз убагында бири- бирин жактырып, сүйлөшүп үйлөнүшкөн. Бул көрүнүш каарманыбызды үй-бүлөлүк баалуулуктарына таасирин тийгизген:

“Турмуш куруп жатканда мен аны эмне үчүн, ким үчүн куруп жатам, жашоом кандай болот деген суроолорду бериш керек. Биздин коомдо туугандар, тааныштар жада болбосо сага тиешеси жок адамдар тарабынан кысым болуп турат. Ошол себетен туура эмес тандоо жасап, жон эле үйлөнүш керек болуп үйлөнгөндөр да бар. Алардын үй-бүлөсү сапаттуу, туруктуу болбой калат. Менин ата-энем болсо, мага эркиндик берет. Жашын келип калды, үйлөн деп айткан сөз уга элекмин. Менин өзүмдүн чечимимди күтүүдө”.

“Качан турмуш курасың?”, “Жашың өтүп баратат” деген сыяктуу коомдун кысымынан тажагандар элдин оозун басуу үчүн эле үйлөнүп алышы мүмкүн. Бул көп жаман көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн деп эсептейт Ратбек:

“Ала качуудан бир гана аял эмес эркектерда жабыркайт, себеби ал өз каалоосу менен эмес коом тарабынан болгон кысым үчүн бул ишке барышы мүмкүн. Анан эки жаш бири бирин жактырбай кабыл албашы дагы мүмкүн. Негизи үй-бүлө куруунун эң негизги максаты бул балалуу болуу, тукумду улантуу. Балдарыңа татыктуу тарбия, мээрим, билим берүү деп эсептейм. Бирок ала качуу аркылуу үйлөнгөндөр арасында түшүнбөстүк, бири бирине колдоо жок болсо, балким экөөнүн бирөөсү өз каалоосу жок балалуу болуп калышы мүмкүн. Мындай учурда балага болгон сүйүү мамиле кайдан болсун”.

Психолог Жылдыз Ибраимова иш тажрыйбасында кардарлардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөдөгү чыр- чатак маселери менен кайрылышат. Бул мажбурлап никеге туруудан улам болушу мүмкүн:

“Көп эле учурда мага үй-бүлөлүк көз караштар дал келбегендиги үчүн, күйөө, кайын эне же туугандары менен конфликт болгон учурларда кайрылышат. Күйөөм, кайненем менен жашагым келбейт. Мени кыйнап жашатат, мен өзүмдү бактылуу сезбейм деп көптөрү айтышат”.

Адистин айтымында мындай терс көрүнүштөр болбош үчүн үй-бүлө мажбурлоо аркылуу курулбашы зарыл. Бактылуу, гармонияда жашагысы келген жаштар өзүнүн кемчилик жактарын өңдоп, терс жактарын билип, ал көрүнүштөрдү өзү үчүн жана түгөйү менен оңдошу керек деп эсептейт:

“Ар бир адам үй-бүлө куруп жатканда ал жубум кандай болот, анын ролу жана башка деген түшүнүгү болот. Ар бир адамдын өзүнүн принциптери, көз караштары, баалуулуктары болот. Аны ал өзү чоңойуп өскөн үй-бүлөдөн алып, жаңы жашоого алып келет. Мисалы эркек аялына сен иштебе, үйдө отур, ата-энемди кара, бала бак десе, аял киши ал нерсеге даяр болушу мүмкүн. Алар баш кошуу алдында бул тууралуу макулдашып албагандыктан, чыр- чатактар болуп, көп эле түгөйлөр биринчи жылы эле ажырашып кетет”.

Мындай көрүнүшкө кабыл болуп калбаш үчүн, турмуш куруу алдында эки жаш бири бирин таанып, баалуулуктарын салыштырып андан кийин бири- бири менен чынчыл болуусу маанилүү дейт психолог:

“Жаңы таанышканда бири бирине жагынгысы келет, жакшы ой калтыргысы келет. Иии бул мен күткөн адам экен, терс жагы жок экен деп чыгып кетишет. Турмушка келгенда ал терс жактары чыгып баштаганда мен такыр башка адамга тийипмин деп айта баштайт. Ошондуктан адам чынчыл болушу керек, өзүнүн жакшы жаман жакраны айтып, экөөбүз бири- бирибиз үчүн жакшы үй-бүлө куруу үчүн аракет жасайлы деген чечим менен келиши керек”.

24 жаштагы Айзана Жолдубаева өзү тандап үй-бүлө курган. Азыркы учурда 3 баланын энеси энергетика тармагында эмгектенет.

“Жолдошум менен 2016- жылы маршруткада абитуриент болуп турган кезде таанышкам. Эки жыл сүйлөштүк. Үй-бүлө куруу алдында жолдошуңа мен үчүн бул нерселер маанилүү керек деп айтуу керек деп эсептейм. Биз башып кошуп жатканда 2 курста окучумун, окууну сөзсүз бүтүрүшүм керек, мен заманбап келин болгум келет деп айткам. Жолдошум макул болду”.

“Көптөр айтат кайын журттан өзүнчө турган жакшы деп, бирок мага чогуу турган жагат. Ата-энем мени абдан колдошот. Үчүнчү курста биринчи баламды төрөдүм, төртүнчү курсту бүтүп, диплом жактап жатканда экинчи баламды төрөдүм. Балдарымды каралашып, жогорку окуу жайды жакшы деген баа менен бүтүп алдым. Учурда жумуш иштейм, кайын журтум балдарымды каралашып, кечки тамак жасап коет. Биздин үй-бүлөдө качан келин келип жасайт деген көрүнүш жок”.

Турмуш куруу алдында Айзанада коркунуч сезимдери болбогондугун да белгилеп кетти, себеби жолдошу ар дайым колдоп, коргой турганын айтып макулдугун алган. Бир нече жылдан бери чогуу жашап, жубайлар конфликттерди да чечүү жолдорун таба алган:

“Үйлөнүү алдына бири- бирине талап коюп алган жакшы нерсе деп эсептейм. Мисалы мен чыр чатак адам эмесмин жана жолдошуман да ушул нерсени талап кылам. Эгерде бизде тушүнбөстүк болсо, кел отуруп сүйлөшөлү же болбосо мага ушул нерселер жакпай жатат, кел ушул маселелерди чечели деп айтам. Көптөр көйгөйлөрүн чече албай ажырашат, ошондуктан сүйлөшүүлөр маанилүү деп эсептейм”.

Бактылуу үй бүлө куруу ар бир адамдын өз колунда. Аны эч ким мажбурлап бакытка алып келе албайт. Кандай болуп турмуш курам деген чечимди да ар бир адам өзү кабыл алыш керек.

 

Айгуль Сакеева

Турмуш курууда “ала качуу”-салты деген атты жамынып кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында адам уурдоо аркылуу үй-бүлө кургусу келгендер бар. Бул биринчиден кылмыш, экинчиден мындай жол менен бакубат үй-бүлө курулбасын адистер айтып келишет.

(далее…)

Кызды ала качып баргандагы улуу муундагы аялдардын стереотиптүү көз караш менен “Таш түшкөн жеринде оор”, “Эшик аттап калдың, эми кетсен бактысыз болосун”, “Кана мени аттап өтүп кетчи” деп босогого жатып алып кыздарды өзү каалабаган тааныбаган жигитке турмушка чыгуусуна мажбурлашат. (далее…)

«Адам жана коом» предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстерди окуп үйрөнүү боюнча 2023-жылдын июль айынын башында республикалык форум-тренинг болуп өттү.

(далее…)

Ала качуу бул- кылмыш, адам уурдоо. 2021-жылдын 1-декабрында ишке кирген кылмыш жана жаза кодексине ылайык “адамды никеге туруу максатында уурдоо” боюнча 172-берененин негизинде кылмыш иши козголот. Анда “ала качуу” эмес, “адам уурдоо”,”адамды никеге тургузуу үчүн уурдоо” деп эки берене менен белгиленген. (далее…)

14 июль күнү  «InKoom-Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун журналисттери, блогерлери, журналисттик ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өткөрүлдү. (далее…)

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына  караштуу Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабына бардык шарты бар мал базар курулат.  Жалпы наркы болжол менен 8.5млн сомду түзөт. (далее…)

Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин “Сеул” бий ансамбли ар кандай республикалык, эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келүүдө.

(далее…)

Ысык- Көлдө Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан өлкөдөгү жамааттык медиалардын ыктыярчы кабарчылары үчүн  лагерь уюштурулду. Аталаган лагерь эки  агым менен болуп жалпы 24 ыктыярчы  катышты.

(далее…)

2023-жылдын 12-14- июль күндөрү Кочкор районунун аймагындагы түзүмдөрдүн күч каражаттарын Республикалык штабдан келген ортомчу менен биргиликте райондук мамлекеттик администрациясынын алдында кароо жүргүзүлдү. (далее…)

Үй-бүлөдө баланы тарбиялоо энеге эле жүктөлбөш керек. Бүгүнкү күндө баланы тарбиялоодо энелерге көп милдет жүктөлүп аталар акча таап келүү менен чектелүүдө. Бирок мындай көз караштарды туура эмес деген айыл тургундары аталарды да бала тарбиялоого катышууга чакырышат.

(далее…)

Балага туура тарбия берүү-ар бир ата-эненин максаты. Ошондой эле балдарды жакшы сөз менен чоңойтууга ар бир ата-эне милдеттүү.Жакшы сөз баланын мотивациясын көтөрүп, анын бактылуу жана моралдык жактан күчтүү болуусуна жардам берет. Эне менен баланын жана ата менен баланын ортосундагы байланышты күчтөндүрүп, сүйүү пайда кылат.

Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын мектебин бүтүп жаткан Айтурган Алтымышева жалпы тестирлөөдөн 195 балл алды. Ал буга чейин райондук олимпиадалардан да 1- орундарды багындырып келген. Айтурган ийгиликтерди багындыргандыгы үчүн атасы да энесинин да эмгеги зор деп билет.

«Бирок, ошол эле учурда атанын ролу башкача позицияны ээлейт деп ойлойм. Себеби, биз апабыздан аялзаты өзүн кандай алып жүрүшү керек, адамдар менен кандай сүйлөшүү керек, үйдөгү жумуштарды кандай кылыш керек экендигин үйрөнсөк, атам токтоолук менен сарэсеп салып, ойлонуп туруп, иш кылганды үйрөтөт.

“Ата-даңкы, эне-баркы- балага дем” демекчи, мен атамды, апамды үлгү катары алып, алардын кылган иштерин, башка адамдар менен болгон мамилесин, окууга, жашоого болгон көз караштарын карап, ушул жетишкендиктерге жетип отурам жана учурдан пайдаланып, атам менен апама ыраазычылык билдирет элем.»

Үч баланын атасы Эрдене Акчубаков балага туура тарбия берүүнүн жыйынтыктарын өз практикасында көрүп, үлгүлүү балдардын атасы, сый-урматка бөлөнүп турган чагы.

«Бала тарбиялоодо атанын да, эненин да салымы чоң. Анткени, “бала-тамырчы болот» деп коёт эмеспи. Өзүмдүн практикаман айта кетсем, балдарымдын ар бир кыймылына көңүл бөлчүмүн, калп сүйлөгөн жокпу, тескери жакка барган жокпу.

Бирибиз урушсак, экинчибиз урушкан жокпуз. Ошону менен бирге көп тыйбай, эркиндик да бериш керек экен. “Колуңдан баары келет, сен жасай аласың” деп дем-күч берип туруш керек, өзүнө ишеним берет экен. Кандай кыймылдаса да, мактап туруш керек. Билинбегени менен бала ошого көнүп калат.

Азыр да биздин ар бир кыймылыбызга көңүл бөлүп турушат. Кичинесинде кандай мамиле жасасак, азыр бизге дагы ошондой мамиле кылып турушат. Кыргызда сөз бар “уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген. Мен ошол сөзгө терең маани берип калдым.»

Венера Шонкоева

Үч жылдан бери  коомдук жана эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, унаа жолдордо, ири соода түйүндөрүнүн алдында электромопед, электроскутер тепкен жаштар жана өспүрүмдөр дээрлик көбөйдү. Айдоо эрежелерин сактабастан (балким билбеши да мүмкүн) алардын унаа жолдордо экиден, айрым учурда үчтөн деле отуруп, айдап жүргөндөрүн көрүүгө  болот. (далее…)

13-14-июль күндөрү Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аймактагы мүчөлөрү үчүн климаттык журналистика боюнча вебинар өткөрүлдү.

Вебинар БИОМ уюму тарабынан колдоого алынган. Вебинардан кийин катышуучулар климат темасында макала даярдап, сайтка чыгарышат.

Вебинарды тренер “Азаттык” радиосунун журналисти Бактыгуль Чыныбаева өттү.

Вебинардын катышуучусу “Невакет” жамааттык медиа борборунун координатору Венера Шонкоева төмөндөгүлөргө токтолду:

Венера Шонкоева

“Мен өзүм мектепте география сабагынан берем жана балдар менен климаттын өзгөрүшү боюнча көп талкуу жүргүзөбүз. Азыркы убактагы климат, экологияга байланыштуу көйгөйлөр менен тынчсыздандырбай койбойт. Балдар менен энергиянын альтернативдүү түрлөрү, таштандыны бөлүп чогултуу сыяктуу темаларды сүйлөшөбүз.

Бул вебинардын негизинде мен бул көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде гана эмес, эл аралык деңгээлге да алып чыгуу боюнча жаңы нерселерди үйрөндүм. Көйгөйдү көтөрүү, туура чагылдыруу, коомчулуктун көңүлүн буруу, жергиликтүү бийликтен жооп алуу сыяктуу көндүмдөрдү билдим.

Вебинар кызыктуу жана пайдалуу болду. Массалык каражаттардын өкүлү катары өзүмдүн регионумдагы маселелерди чечүүгө өз саламымды кошуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жакшы мүмкүнчүлүгүм бар экени кубандырат.”

“Усупбекстан” Жамааттык мультимедиа борборунун жаш кабарчылары Наиля Жанарбек кызы жана Эркеайым Замирбекова Кытай мамлекетине тажрыйба топтоо максатында жаш кабарчыларды даярдоо лагерине сапар алышты.



Кабарчылар Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алышат. Алар айыл ичиндеги жаңылыктарды коомчулукка жайылтууда зор салым кошуп келишет. Даярдаган макалалары www.usupbekstan.edu.kg, www.kyrgyzmedia.kg сайттарына жана жамааттык медианын социалдык баракчаларына жайгаштырылып келет.

Кабарчылар менен бирге Кытайга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Казыбек Асылбеков да барат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Агро Айым — Агро Жаштар» долбоорунун алкагында, “Айыл чарбасындагы айымдар жана жаштар үчүн жаңы технологиялардын учурдагы жеткиликтүүлүгү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү» темасындагы кейс стади изилдөөсү жаш изилдөөчү Султанова Курманжан тарабынан аткарылды.
(далее…)

Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан уюштурулган “Кыргызмедиа Camp” лагери 1-10 июлга чейин Ысык-Көлдөгү “Меридиан” пансионатында өткөрүлдү. Жайкы лагерь 2-агым менен өттү. Жалпы 24 катышуучу катышты.

Лагердин 2-агымынын катышуучулары

Кабарчылар видео тартууну жана аны монтаждоону үйрөнүштү

Практикалык иш учурунда

Кабарчылар сайтка жанылык жазганды өздөштүрүштү

SMM тууралуу билим алышты

2-агымдын катышуучулары 5-күн ичинде алган билимдерин “Квиз” оюну аркылуу жыйынтыкташты.

Квизде 1-орунду “Алга” командасы алды

2-орун “Курманжан” командасы

3-орун “Эверест” командасы багындырды

Лагердин аягында ар бир катышуучуга сертификаттар ыйгарылды.

Эскерте кетсек, жайкы лагерь DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну Уулбу Борукчиева. 2022- февраль айынан бери Аялдар кенешинин төрайымы болуп, үйдө отурган кыз-келиндерди коомдук иштерге тартып келет.

(далее…)

КРнын Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбековдин катышуусунда билим берүү тармагындагы «Жыл мыктылары» сыйланды. (далее…)