Нарын районуна караштуу Достук айылында элеттик айымдардын таймашы болду. Негизги максаты кол өнөрчүлүктү даңазалоо, айыл элинин ынтымагын чыңдоо экендигин уюштуруучулар белгилешти.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.
Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.
Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кымбатчылык айыл жергесиндеги чарбанын өнүгүшүнө терс таасирин өлкө боюнча байкалып жатат. Мисалы өткөн жылы эле күйүүчү май, техникалык тетиктердин кымбатташы жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктарды жараткан.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 25-февралда «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.
23-февраль күнү Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча таймаш болуп өттү. Мындай деңгээлдеги таймаш Ат-Башыда алгачкы жолу өтүүдө.
22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.
Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылы 2021-жылдан баштап туристтерге маданий мурастарды тааныштыруу максатында «Маданий айыл» (Cultural Village) статусун алган. Бул иш Корея мамлекетинин долбоору аркылуу ишке ашкан.
Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 11-февраль күнү элдик жыйын болуп өттү. Анда жылдык отчёттор берилип, бир катар маселелер көтөрүлдү.
Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 17-январдан баштап 28-январга чейин орус тил сабагы боюнча «Нам слово русское дано…» деген аталыштагы декада болуп өттү.
Акыркы учурда баалардын кымбатташы элдин жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткан учуру. Баалар күйүүчү майдан баштап азык-түлүктүн бардык түрүнө, оокаттарга кымбаттап кетти. Ал эми ишкерлик менен алектенгендерге баанын кымбатташы кандай таасирин …
19-январь күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл аймагынын генетикалык ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча айылдын жамааттары катышкан семинар өткөрүлдү.