Ооган-Талаанын жаңы конуштарында электр жарыгынын кубаттуулугунун аздыгын сурамжылап жаткан жашоочулардын 20% айтышкан. Электр кубаттуулугу аз болуп муздаткычтар, мештерди иштете албай жатабыз деп билдиришкен.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында өкмөт башчы шайланды. Айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышты. Эки талапкердин алдыга койгон максаттары айылдык кенеш тарабынан жактырылды жана таанышып чыгышты.
Тогуз-Торо районунун айыл өкмөт кызматкерлерин райондун акими Айбек Кожошов, Ички иштер бөлүмү, айылдык кеңештин депутаттары, райондук статистика бөлүмү куттуктап, алкыш, ыраазычылык каттарды тапшырышты.