Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: айымдар

Айымдар арасында спорттук мелдеш болуп өттү

Үйдө отурган айымдарды сейрек жашоого жана коомдук иштерге активдүү катышууга тартуу максатында айымдар арасында волейбол оюну уюштурулду. Волейбол оюунуна бардык айыл өкмөттөрдөн куралган командалар катышты.

Аймактык журналистер жана аялдар кеңеши менен биргеликте футбол оюну өткөрүлдү

Спорттук мелдешке Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан түзүлгөн айымдар командасы менен Тогуз -Торо ФМ радиосунун журналистеринен куралган командалар катышты.

Айымдар сергек жашоону калыптандыруу үчүн бийлешет

Адина Майрамбекова 21 жашта. Учурда Ак-Талаа районундагы Баетов айылында DI аталышындагы бий студиясын ачып, бий үйрөтүп келет. Өзүнүн айтымында 5 жаштагы бала бакчанын тарбиялануучуларынан тартып, 50 жашка чейинки айымдар катышат. …

Элетте сүт сатуу кирешелүү каржы булагы

Нарын районундагы Куланак айылы Нарын шаарынан 45 км аралыкта жайгашкан. Учурда 1 л сүттүн баасы 30 сомдон чогултулуп жаткан учур.

Эл аралык талаптарга жооп берген кийиз буюмдарын өндүргөн Барскоондук айымдар

Созул Айбашова 70 жашта. Пенсияга чыккандан тарта айылдагы жумушсуз аялдардан турган «Өнөр булагы” кол өнөрчүлөр жамаатын түзгөн. Учурда аталган ишканада 20дан ашык аял эмгектенет. Алар кийизден ар кандай аксессуарларды, шырдак, …

8-мартка 8 суроо: Кыргызстан аялдары жөнүндөгү билимиңизди текшериңиз

Кыргызстанда аялдар ийгиликке жетишкен бир топ тармактар бар. Бирок, ошол эле учурда алар көп маселелерде эркектер менен тең укукта эмес. Биз расмий, ачык маалыматтарды анализдеп, анын негизинде тест түздүк. Кыргызстандагы …

Мекенге күйгөн мигрант айымдар

Угулай Гапарова кичи мекени Баткен облусунун Орозбеков айылына пандемиядан бери кайрымдуулук кылып келет. Бул максатта ал  Кыргызстанда жана чет өлкөдө эмгектенген жетимишке чукул кыргыз айымдарынын башын бириктирген. Угулай айым, бизге …

Суусамырда тургундар айымдарга арналган борборлордун жок экендигине нааразы

Суусамыр өрөөнүнүн тургундары айылда кыздарга, айымдарга арналган атайын борборлордун, ишканалардын жок экендигине нааразы. Элеттик кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө ийримдердин айылда жок болушу абдан чоң жетишсиздик деп эсептешет.

Аймактагы айымдарга колдоо көрсөтүлдү

Сары-Булуң айыл өкмөтү, Кара-Суу аялдар кеңеши менен биргеликте 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата социалдык жактан муктаж, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар чакырылып, майрамдык маанай тартууланды.

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...