Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ак-Талаа

Ак-Талаада «Жоокер ыры» сынагы өттү

Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак  болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда: 1. Согуш жылдарындагы ырларды …

Маек: 2023-жылы Ак-Талаа райондук соту ажырашуу боюнча 42 ишти карады

Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек  менен маекти сунуштайбыз. — Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө …

Акталаада ар ишемби күнү ишембиликке чыгышат

Ак-Талаа районунда жылдагыдай   айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу  бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын  кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.

«Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …

Акталаада жети казан сүмөлөк бышырылды

Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи …

Айымдар майрамына арналган агартуучулардын мелдеши өттү

Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.  Ага райондогу  мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 …

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча сүрөт сынагы жыйынтыкталды

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп  окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган  сүрөт сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сот кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук мелдеш өттү

Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен  уюштурулду.

Ак-Талаа: Үч чакырым жөө басып ишке келген дарыгер

Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталган шаардагы медициналык окуу жайдан билим …

Акталаада «Манас таануу» таймашында эпос англис, орус тилдеринде айтылды

Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга …

Максатка жетүүдө эрк абдан маанилүү

Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат.  Ал  өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.

Ак-Талаада өкмөттүн мурдагы имараты бала бакча катары пайдаланууга берилди

Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди. Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.

Акталаада мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталды

18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.

Ак-Талаа району: Жол кырсыктары көп катталган айылдын жолу жарыктандырылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

Ак-Талаа району боюнча зомбулукка каршы иш чаралар өттү

Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.

Ак-Талаадагы айылдык оорукана капиталдык оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

Ак-Талаада балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдыгы белгиленди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдар жазуучусу, коомдук ишмер, Андерсен атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдык мааракеси, ысымы берилгендигинин 25 жана имараттын пайдаланууга берилгендигинин 45 жылдыгы …

Ак-Талаада зордук-зомбулукту алдын-алуу иш-чарасы болуп өттү

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын …

Видео: Ак-Талаа райондук сотунда Ч. Айтматовго арналган адабий кече өттү

Ак-Талаа райондук соту “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата адабий кече өткөрдү. Кече кыргыз тилин өнүктүрүү жана даңазалоо, КРнын мамлекеттик тил жөнүндө …

Ирилешкен аймактарды колдоого акча каражаты берилди

Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10 млн. сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...