Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарында жер адистери, аппарат кызматкерлери бардык көчөлөрдө кызыл сызыктарды аныктоо иштерин башташты. Алар райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган …
Венера Асанбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү)-37 жашта, учурда Ак-Талаа районундагы айылдардын биринде жашайт. Өзүнүн айтымында эки агасы, эки иниси өз жолдору менен кетип, очор-бачар болушкан. Ал эми өзү турмушта ала качуунун курмандыгы …
Алтынай Нурбекова үй кожойкеси, Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында турат. Жогорку билим алган жокмун, же иш жок дебестен үйдөн эле нандын түрлөрүн жасап, кызмат көрсөтөт.
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабына бардык шарты бар мал базар курулат. Жалпы наркы болжол менен 8.5млн сомду түзөт.
Үч жылдан бери коомдук жана эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, унаа жолдордо, ири соода түйүндөрүнүн алдында электромопед, электроскутер тепкен жаштар жана өспүрүмдөр дээрлик көбөйдү. Айдоо эрежелерин сактабастан (балким билбеши да мүмкүн) …
Даван Бексултанов Ак-Талаа районундагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү, кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча облустук, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон алдыңкы окуучусу. Ал быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 упай …
Ата-эненин балага бирдей сүйүүсү, колдоосу, жылуу мамилеси — баланын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылынын тургуну Адыл Көчөрбаевдин төрт баласы бар. Улуу баласы Даван быйыл ЖРТдан район боюнча эң …
Жыл сайын июнь айынын акыркы жекшембисинде медициналык уюмдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленет. Буга байланыштуу Ак-Талаа райондук маданият үйүндө саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунда наркоманияга каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Райондук администрациясынын жыйындар залында акимдин орун басары К.Карагулова, жалпы райондук мекемелердин, медицина кызматкерлеринин катышуусунда, медицина кызматкерлери тарабынан наркоманияны алдын алуу, анын кесепети, …
Ак-Талаа районунда балдардын жайкы эс алуусун улай жайлоо бала бакчалары ачылууда. Учурда Тоголок-Молдо айыл аймагынын Бала тапан жайлоосундагы “Келечек муун” бала бакчасында үч жаштан он эки жашка чейинки жыйырма беш …
Кыргыз эли эркек баланы келечекте бир үй-бүлө ээси, тукум улоочу деп тааныйт жана үй-бүлөдө кичине кезинен эле “чыныгы жигитти” тарбиялоо процесси жүрөт. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бул процесс эркек балага катаал мамиле …
Донор-деген ким? Ал өз каалоосу менен бирөөнүн ден-соолугун өз ыктыяры менен чыңдоого, өмүрүн сактап калууга катышуучу адам. Жашы 18ден 60 жашка чейинки ден-соолугу таза ар бир адам донор боло алат. Аял …
Быйыл ваучердик окутуу программасынын алкагында Нарын облусунун ар бир районунан бештен бүтүрүүчү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп …
Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын тургуну Эльнура Самат кызы ар түркүн түстөгү жыттуу самындарды жасайт. Аны ал эжесинен үйрөнгөн. Айтымында дүкөндөн сатып алган самындардан аллергия болуп, ошондон улам өздөрү үй шартында …
Элибизде кыздарды сыйлап, мейман деп аздек мамиле жасалат. Бирок ошол эле учурда аларга карата чектөөлөр менен бирге каада-салт же жүрүм турум, жыныска байланыштуу бир катар стандартты сактоо талаптары бар. Ал …
Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар Нарын облусунун Акталаа районунун Баетов айылынын тургундары. Кыздар чоң атасы, чоң апасы берген акчаларды балмуздак жана …
Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургундары Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар чоң атасы, чон апасы берген акчаларды эч качан …
Кесип тандоо бул- ар бир жаш адамдын алдында турган эң маанилүү кадам. Ал эми жөндөмүнө, каалоосуна, шыгына жараша туура тандоо андан эки эсе жоопкерчиликтүү. Көпчүлүк учурда тандоого жакындары, достору тикелей …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында беш гектар аянтка төрт жарым миңге жакын чычырканактын тикенексиз, алтай сортундагы көчөтү тигилди. Буга чейин чычырканакты атайын аянттарга тигип, түшүм алуу жокко эсе болгон. “Жашыл Кыргызстан” …
Ак-Талаа районунда “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин уюштуруусу менен волейбол жана футбол мелдеш өткөрүлдү. Ага мекемелерде эмгектенген кызматкерлерден жети команда катышып, мыкты оюн көргөзүштү.