Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.
Ат-Башы районунун бардык мектептеринде бир айдан бери болуп жаткан долбоорлордун жыйынтыгы чыгып, орундары тапшырылды. Окутууларды дүйнөлүк Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар окутушуп, долбоор жазганды үйрөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Семетей Черикбаев Кара-Кече көмүр кесиминдеги абал менен таанышып, штабдын жыйынын өткөрдү.
Ат-Башы районунун өнүктүрүү фондунан чакан долбоорлор каржыланат.
Бүгүн 8-октябрь күнү Ат-Башы районун акими Нурбек Сатаров Ат-Башы элине кайрылуу жасады. Кайрылууда Ат-Башынын эли азыркы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сунуштарын берүүгө чакырды.
Биздин бүгүнкү каарман Ача-Кайыңды айылынын кулуну Кайрат Эсенгелдиев. Ал азыркы күндѳ Америкада жүрсѳ дагы пандемия учурунда жардамын берип, кѳптѳгѳн иштердин демилгечиси боло алган. Биз аны менен байланышып, маек курдук.
Бүгүн 4-октябрь Кыргызстандын бардык жеринде шайлоо болуп жаткан учур. Азыркы пандемия учурунда аралыкты сактап шайлоону өткөрүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн негизги милдеттери эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылында дагы санитардык нормалар так …
Күндүз келип шахмат ойноп, кан басымын ченетип, сүйлөшүп, баарлашып кетип туруучу аксакалдардын клубу ачылды.
Ковид-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, Ат-башы мал базарындагы санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ат-Башы районунда жергиликтүү калктын кѳпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Бирок малдын кѳбѳйүшү жаратылышка канчалык дэңгээлде зыянын тийгизип жатканын, жылдан –жылга жайыттардын азайышы, жер кыртышынын бузулушу менен байкасак болот. Дагы кѳптѳгѳн …
10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.
Буга чейин Ат-Башы районунда «Муктаждарга төрт түлүк» акциясы май айында башталып, бир айда 25 үй-бүлө малдуу болгонун маалымдаган элек. Эми бул акция Америка, Түркияга жетип, ал жердеги мекендештерге узатылды.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын бала-бакчасы демѳѳрчүлүк гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳтүп жатат. Буга чейин болбогон таштанды суу кетүүчү кудук жана ички дааратканалар салынууда. Андан тышкары, электр чубалгылары да көп жылдан …
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы август айында курулуп башталган кошумча күндүзгү стационар курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул имараттын курулушун чоң демѳѳрчү болуп АКШда иштеп жаткан жаш ишкер Кайрат Эсенгелдиев …
Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп босогосун 1-класстар гана аттады. Жаңы окууга барып баштаган бѳбѳктѳрдү окутуу үчүн министрлик тарабынан бир нече санитардык-гигиеналык шарттар коюлган эле. Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 1-класстар бир …
Ат-Башы районунун алыскы Ак-Сай өрөөнүндө тургундардын абалы көзөмөлгө алынган. Ал жерде пандемия учурунда оор кырдаалдан чыгуу үчүн тез арада чечимдер кабыл алынган.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында быйыл эки шайлоо участогу иштейт. Мунун себеби — шайлоочу адамдардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп аталган айылдын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Муратбек Асаналиев билдирди.
Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн Темир Муса уулу. Ал Кыргызстандагы алдыңкы волейбол оюнчуларынын бири, карантиндин волейболго кандай терс жактары тийип жатканын айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.
«12 саат иштеп, кечинде баспай калабыз», — деген Ат-Башыдагы күндүзгү стационардагы дарыгер Назгүл Мамбеталиева «кызыл зонадагы» жумушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө айтып берди.
14-август күнү Ат-Башыдагы борбордук аянтчанын бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылышы болду. Бул аянтчаны реконструкциялоо — райондун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун бири болуп саналат.