16-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев мектептерге акысыз ЖРТга даярдык үчүн сынамык тест түшүндүрмөлөрү менен китептерди тапшырды.
Быйыл Суусамырда жыйырма төрт бүтүрүүчү окууну аяктаганы турат. Алар элетте кесип тандоого мүмкүнчүлүктөр аз болгонуна карабай өз тандоолорун жасашкан. Бирок, алардын арасында кесип тандай албай жаткандар дагы бар. Буга ата-энелердин …
Мектеп мугалимдеринин айтуусу боюнча быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн коомдук иштерди уюштуруп, мектепте алгылыктуу иштерди жасашты. Бул бүтүрүүчүлөрдү мектеп менен кош айтышып кетүүсүн каалабайт элек …
Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы эки жылдан бери биринчи жолу оффлайн башталды.
Кочкор районундагы «Соң-Көл» орто мектебинде 26 окуучу бүтүп жатат. Алар кайсы кесиптин ээси болгулары келерин жана кайсы окуу жайга тапшырууну пландап жатканын билгенге аракет кылдык.
Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду. Жалпы 26 окучуу бүтүрүп, анын ичинен 12 кыз, 14 бала. Акыркы коңгуроо салтанаты куттуктоо сөздөр менен жана 11-класстын чакан концерти менен …
Бүгүн Кочкор районунун Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебин 30жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2001-2002-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык кечени өткөрүү менен айыл элине кайрымдуулук иштери жүргүзүштү. Алар Казан-Куйган жана Оттук айылдарында жашаган 10 үй-бүлөгө …
«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.
Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин 2000-жылдын бүтүрүүчүсү Каныбек Кылычов 23-октябрь күнү мектепке жана бала бакчага чакан эмеректерди алып келип тапшырды. Белекти тапшыруу аземине айыл өкмөт, мектеп кызматкерлери, бала бакчанын кызматкерлери …
Кочкор районунун «Соң-Көл» орто мектебин 20 окуучу бүттү. Алардын 11 кыздар 9 эркек балдар. Ал эми босого баллдан 9 окуучу өттү.
Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү бардык мектептердеги бүтүрүүчүлөргө орто мектепти бүтүргөндүгү жөнүндө аттестаттар берилди. Алардын ичинде Т. Айбашев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. …
Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу студенттер, окуучулар аралыктан аяктаганга туура келди. Кырдаалга байланыштуу билим алууда, кандай таасирин тийгизгенин айрым студенттерден, окуучулардан сурап көрдүк.
Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …
Республика боюнча өткөрүлчү жалпы республикалык тестирлөөгө учурда бүтүрүүчүлөр кызуу даярданууда. Бүгүн биз тесттин ичиндеги бөлүмдөрдүн арасындагы “ Окуу түшүнүү” боюнча сөз кылабыз. Ал 30 тапшырмадан туруп, аларды аткарууга 60 мүнөт …
Жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тесттен сырткары кошумча предметтик тесттер окуучунун тандоосу менен тапшырылат. Ал абитурент бара турчу адистигине таасирин тийгизет. Андыктан төмөндө адистиктер талап кылган милдеттүү түрдөгү кошумча сабактардын тизмесин …
Куланак жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү кичи долбоор жазып утуп алган. Долбоордун максаты Куланактагы жамааттык мультимедиа борборунун ишин алдыга жылдырып, колдоо көрсөтүү.
Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшырышат. Анын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга кабыл алынгандыктан, көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөрү тынчсызданып, кабатырланышат. Бул багытта адистер кандай кеңештерди берет? ЖРТдан жакшы балл …
Ак -Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Алмазбекова Сезим Президенттин кабыл алуусунда болуп, мактоо баракчасы, ноутбук жана акчалай белектер менен сыйланды. Сыйлоо салтанаты Ала-Арча резиденциясында болду.