Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасында балдардын ден соолугун чыңдоого кам көрүү, тазалыкка үйрөтүү менен ар тараптуу өнүктүрүп, адеп-ахлакка тарбиялоо максатында облустук семинар өткөрүлдү.
2021-жылдын март айында республика боюнча жаштар арасында «COVID-19 пандемиясына карата өз тажрыйбаңыз жөнүндө үй-бүлө мүчөсүнө кат жазыңыз» деген темада эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы жарыяланган. Ага Ак-Талаа районунун окуучулары дагы …
3-ноябрда Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров бир топ тиешелүү кызматтын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен «Турук» көмүр кенинде болду. Анда «Турук-Майнинг», «Кенч-Строй» ишканаларынын тазалоо, казуу, жүктөө иштери менен таанышып чыгышты.
Ак-Талаа районундагы Бермет-Жал ат майданында КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук иш- чаралар өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунда кышка камылга мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталды. Бюджеттик мекемелерге көмүр отуну тартылганы менен элге тартылып бүтө элек. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдарга бир тоннадан көмүр …
Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы суу түтүктөрү колдонууга берилгенден тартып бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. 55 жыл ичинде эскирген түтүктөр тургундарга айрыкча кышкысын көйгөй жаратат. Бул тууралуу …
Биздин күндөрдө жашап жаткан замандашыбыздын өз башынан өткөргөн окуялары, күйөөсүнөн, эки кайын энесинен көргөн кордугу, татаал тагдыры тууралуу жазылган баян.
Коронавирусту жугузуп алуу коркунучу өкүм сүрүп турган маалда КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык санитардык эрежелерди туура сактоо − жагдайдан чыгуунун, коронавирусту жуктуруп албоонун жана жайылтпоонун бирден бир жолу.
Дүйнөдөгү болуп жаткан пандемиялык кырдаал балдардын саламаттыгына таасир этпей койбойт. Анткени балдарга карата ар кандай эмдөөлөр убагында жүргүзүлбөй, кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети менен дарыланып жаткан бейтаптар жок жана эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок тургундар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн дагы да болсо санитардык талаптарды, аралыкты сактоосу зарыл. Анткени алдыда …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылына бүгүнтөп баштап Кара-Кече көмүр кенинин көмүр отуну үч жарым миң сомдон сатыла баштады.
Учурдагы пандемияга карабастан жер-жерлерде той-аш, ар кандай жыйындар өтүп, жарандардын массалык чогулуусу токтогон жок. Бул көрүнүш тууралуу жарандар ар түрдүү пикирлерди айтышты.
Кыргызстанда айрым айыл өкмөттөрдүн жаңы башчылары кызматка киргендерине 100 күндүн аралыгы болду. Бул аралыкта кандай иштер аткарылды? Жер-жерлерде жыйындар өтүп, элге маалыматтар берилди.
Кыргызстанда 5-октябрь «КРда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» катары белгиленип келет. Мына ушуга байланыштуу Баетов айылындагы билим берүү мекемелеринде балдарды жана окуучуларды күтүүсүз кырдаалдарда тобокелчиликти азайтуу, ар кандай табыгый кырсыктарды алдын …
Ак Талаа райондук №47 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздугунун стандарттары жана өрт учурунда биринчи кезекте кандай аракеттер көрүлүшү керектиги тууралуу айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары Россияда өткөрүлгөн VII эл аралык армия оюндарында (АрМИ-2021) ийгилик жараткан Талантбек Илимбеков менен жолугушту.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү.
Пандемия шартына карабастан учурда дыйкандар күзгү оруп-жыюу, түшүм жыйноо иштерин өз убагында бүткөрүп алуу аракетинде. Антпесе жай бою жасаган эмгек кар алдында калуусу толук мүмкүн.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында жаштар менен бирге иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда жакынкы аралыкта бир долбоордун алкагында жаштар менен иштешүү …
Ак-Талаа районунда жакынкы күндөрдө “кызыл зонаны” жаап, кадимки режимге өтүү болжолдонууда. Анткени учурда коронавирус илдети менен ооруган бейтаптар жок. Бирок пневмония менен дарыланып жаткан үч бейтап бар. Абалдары канааттандырарлык.