Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Бакай-Ата

Мал багууда сандан сапатка өтүү учурдун талабы болууда

15-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы «Нур» дыйкан чарбасында облустук деңгээлде бодо малдын эт, сүт багытында асылдуулугун жогорулатуу жолдору боюнча семинар өткөрүлдү.

Бакай- Атада чакан бизнести өнүктүрүү боюнча окуу болуп өттү

1-февраль күнү Бакай-Ата айылында «Чакан ишкананы кайра иштетип чыгарса болот» деген темада окутуу жыйыны өттү. Жыйындын уюштуруучусу «Азык Түлүк Дүйнөлүк Программасы» менен биргеликте «Хелс Пром Плюс» коомдук фондунун жетекчиси Канай …

Бакай-Атада жайыт комитеттеринин иш сапаты жакшыртылууда

Бакай-Ата району боюнча жайыт комитетинин адистерине техникалык жабдыктарды үйрөтүү максатында окутуу болуп өттү. Бул туурасында Бакай-Ата жана Кара-Буура району боюнча АРИС долбоорунун эксперти Максатбек Сарычаев менен маек курдук.

Гарвардды аяктаган кыргызстандык Айзада Марат кызы менен маек

Мындан үч жыл мурун, тагыраак айтканда 2014-жылдын июнь айларында интернеттен коомчулука кайрылып жардам сураган Айзада Марат кызы, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап келген учуру.

Бакай-Ата: Шыралжын кен казуу жайынын жаратылышка кандай таасири бар?

Бакай-Ата районундагы Шыралжын кен казуу жайынын абалы жана жаратылышка кандай зыяны бар экенин билиш үчүн «Манас-1000» коомдук фондунун жетекчиси Серен Шейшенов менен маек курдук.

Бакай-Ата айылындагы жайыттардын абалы туруктуубу?

Бакай-Атанын тургуну Өскөн Молдобеков айылга караштуу 20 миң 62 гектар жайыт бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул жайыттар жазгы, жайкы жана кышкы жайыттар болуп бөлүнөт.

Бакай-Ата: Таштандыдан кантип арылабыз?

Азыркы күндө Бакай-Атада таштандылардын жайы эң кооптуу жайлардын бирине айланып, көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды.

Бакай-Ата айылында таштанды маселеси кандай абалда?

«Бул басылма Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.»

Бакай-Ата: Кургак учукту биргелешип токтотобуз!

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деп кыргызда бекеринен кеп козголгон эмес. Азыркы замандын талабына ылайык бир жылда эки жолу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюу аздык кылбаса көптүк кылбас.

Бакай-Ата: Таланты таш жарган Марат Бүркүтбаев

Марат Бүркүтбаев учурда Бакай-Ата райондун белгилүү ырчысы. Ал убагында Чубак Сатаев менен чогуу ырдап, ырларын жаздырууга жетишкен. Марат Бүркүтбаев болгон маекти сунуштайбыз.

Бакай-Атада байырлаган марал жаныбары тууралуу эмне билесиз?

Бакай-Атада суицидге каршы жыйын өттү

Бакай-Ата айылында 15-февраль күнү суицидге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.

Бакай-Атада жаңы айыл өкмөт башчысы шайланды

Талас облусунун Бакай-Ата айылынын айыл өкмөт башчылыгына эки адам талапкерлигин коюп, Нурлан Доублеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Чалдовар мектебине материалдык жардам берилди

Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылындагы Чалдовар жатак мектебине «Газпром Нефть Азия» мекемеси тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Бакай-Ата: Жергиликтүү депутаттар өз мандаттарын алышты

Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары өз мандаттарына ээ болушту. Шайлоодон жалпы 21 депутат өткөн.

Бакай-Атада облустук футбол мелдеши өттү

Талас облустук футболдук мелдеши Бакай-Ата айылында өттү. Анда жалпы төрт курама команда күч сынашты.

Бакай-Атада балдардын жаңы жылдык майрамы болду

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү. 

«Бакай-Ата ФМ» маалымат бюллетени жарык көрдү

Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир …

Бакай-Ата: Көчөгө жарык коюлду

Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Куштай көчөсүнө айыл депутаттары өз каражатына жарык коюп беришти. Депутаттар айылдын башка көчөлөрүн да жарыктандыруу жакынкы аралыкта ишке ашырылат деп убадалоодо.

Бакай-Атада төө буурчактын баасы көтөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата айылында төө буурчактын баасы көтөрүлүп, дыйкандардын мээнети акталгандай болууда. Азыр бакай аталыктар төө буурчактын килограммын 70 сомго чейин сата башташты.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...