Бакай-Ата айылынын тургундары бизге таштанды тууралуу кайрылышып, таштандыларды айыл башкармалыгы көзөмөлгө алса жакшы болот эле деп билдиришкен. Ал кайрылуунун негизинде Бакай-Ата айыл аймагынын башчысы Мирлан Исабеков менен маек курдук.
Бакай-Ата райондук китепканада 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү тууралуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү үчүн уюштурулган.
Бакай-Ата районунун борбордук спорт аянтында зоналык футбол оюну болуп өттү. Кызууу талкуу жараткан оюнда Ленин мектеби 1-орунга ээ болду.
Бул тренинг Бакай-Ата айылынын Ленин орто мектебинде марттын этегинде болуп өттү. Ага Бакай-Атадан тышкары Миң Булак, Наматбек, Өзгөрүш айылдарынан окуучулар келишти.
Бул китепкана Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айлында 2013-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келе жатат. «Социалдык акыйкатуулука жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү долбоорунун» негизинде ачылган.