Медиадагы гендердик-этикалык кодекс Бишкекте өткөрүлгөн аймактык медиа форумда кабыл алынды. Ал “ММКны колдоо борбору” фонду, БУУнун Аялдар Түзүмүнүн колдоосунда “Теңдик нуру” аталышындагы долбоордун алкагында жүзөгө ашты.
Кыздардын билим алуусуна жана өсүшүнө терс таасирин тийгизген, алардын ар кандай зордук алдында алсыздыгын арттырган, өмүрүнө жана ден-соолугуна жана алардын балдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жараткан жашы жете электе турмуш …