Кызыл-Кыяда жаштар күнүнө карата мэрия тарабынан шаардагы окуу жайларда билим алган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаарында Газпромдун каржылоосунда чоң спорт комплекси курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.
Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулакка каршы» деген аталышта форум театр өткөрүлүп, анда Үч-Коргондогу беш мектептин окуучулары катышты.
“Берекелүү алтын күз” деген аталыштагы майрам Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейинде өттү. Анда лицейдин окуучулары жана мугалимдери мөмө жемиштер жарманкесин уюштуруп, концерттик программалар менен коштолду.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 23 жаштагы Махамаджон Билиялов көп жылдардан бери акча чогултуу менен алектенип келет. Себеби ал жаш кезинен эле коллекционерликке кызыгып келгенин айтат.
Үч-Коргондун Боз айылында ичимдик суусу көп жылдардан бери оң жакка чечилбей келет. Бул туурасында аталган айыл тургуну Наргүл Каарова билдирди.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.
Үч-Коргондо жашаган улуу муундагы инсандар жаштардын каржы сабатуулугу боюнча сурамжылоо жургузуду.
Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.
Үч-Коргондо каржы сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын окутуулар уюштурулуусу зарыл. Бул боюнча коомдук ишмер Тажик ассоциациясынын өкүлү Мавлон Абдуразаков бизге курган маегинде айтты.
“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Козубай Ташбулатов көчөсүндөгү чоң жол сел жүрүп, бүгүнкү күнү начар абалга келген. Шаар мэриясынын тапшырмасы менен жол четиндеги дарактар кесилип тазаланган.
Үч-Коргондо табылган көзө 200 жылдык тарыхка ээ деген божомол менен бүгүнкү күнү казып алуу иштери башталары алдында турат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Рудаки атындагы Таджик коомдук бирикмесинин Үч-Коргон бөлүмүнүн жооптуу …
Ишкер айым Мукадас Ибрагимова Үч-Коргон айылында тигүү цехин ачып, тогуздан ашык аялды жумуш менен камсыздаган. Тигүү цехин ачканына жети жылдын жүзү болду.
Борбордук Азияда ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулган «Жаш Булак билим беруу жана тажрыйба алмашуу» форуму 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштардын катышуусунда өткөрүлдү. Форумда Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер катышышты.
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Алыш айылынын Козубай орто мектебинин мугалимдери компюьтердик курсун аяктап, «Медиа РАЙ» коомдук фонду тарабынан сертификаттарга ээ болушту.
Үч-Коргон айыл аймагы боюнча гилас сезону эрте башталды. Аба-ырайынын өзгөрүүсү гиластарга жана башка мөмө жемиштерге терс таасирин тийгизген.
Дарыгерлер 6 жаштагы Бегазтты бүгүнкү күндө толук сакайып кетүүсүнө жана операциядан чыгуусуна кепилдик бербей келишүүдө. Бул туурасында апасы Рано Мамажанова айтат.
Үч-Коргон айыл аймагындагы Пушкин атындагы №6 орто мектебинде акыркы коңгуроо майрамы белгиленип, анда мектеп директору Рано Абидова окууну мыкты аяктагандарга мактоо баракчаларын тапшырды.
27-майда катуу жааган жамгырдан улам, Кадамжай районунун айрым айылдарында сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар катталды. Мындан улам Үч-Коргон айыл аймагынын аймагында да өзгөчө кырдаал жарыяланды.