Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: ишкердик

Үй бүлөсүн авитаминоздон куткаруудан башталган ишкердик

Жеке ишкер Самара Кушубакова Кыргызстандын даамы ”Накта как” ишканасынын негиздөөчүсү. Ал экопродукция өндүргөн иш кананы ачуусуна балдарынын авитаминоз болушу себеп болгон. Учурда анын командасында 6 адам иш менен камсыз болуп, …

“Санарип Инсан” жаштар менен аялдардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча долбоордун жыйынтыгын чыгарды

Акыркы жылдары Кыргызстан региондо e-gov санариптик трансформациялоо боюнча лидер болуп калды. Санариптик экономикага кыйналбай өтүү үчүн Кыргызстан кадрларды даярдоо системасын өзгөртүүсү керек. Бул бизге эмгек рыногунда эң көп талап кылынган …

Конок үй ээлери “санариптик туризм” – боюнча билүүлөрү керек

Бишкек шаарында аймактагы тренерлер үчүн “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында “Санариптик туризм” боюнча эки күндүк тренинг өттү. Анда Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана …

«Санарип инсан» долбоорунун алкагында 8 стартап колдоого алынды

10-ноябрда жалпы байге фонду 27 500 евро же 2.6 млн сом болгон «Санарип Инсан» стартап долбоорлор сынагынын финалы өттү. Аталган сынак жаштар, аялдар, капиталдаштырылбаган бизнес долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик …

Ноокатта дыйкандар алманы 20-30 сомдон сатышууда

Быйыл Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө алма түшүмү аз болду. Дыйкандар 1 кило алмаларын 20-30 сомдон сатышты.

Тасма айылындагы ишкер айымдар табигый самындарды жасашат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылында чөптөрдөн, гүлдөрдөн териге пайдалуу натуралдуу самындар жасалат. Алар теридеги түрдүү ооруларга жана сулуулук үчүн да колдонулат. Самындын 10 түрүнөн башка илгерки “Шакар” самыны дагы …

Окуучулар ишкер айым Жаңыл Баишева менен таанышышты

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борбору даярдаган Чет өлкөнү шырдак менен багындырган Жаңыл Баишева макаласындагы ишкер айым менен таанышышты. Материалды борбордун жетекчиси Акылай Алмазбекова Оттук айылынын окуучуларына презентация аркылуу көрсөтүп берди. 

Сахалинде этникалык ресторан ачуу, кыргыздын тамак-ашы жана маданияты менен таанышуу

Төрт баланын энеси Айнур Мукашева Сахалинде ар бир адам Кыргызстандын даамдары жана маданий мурастарынын байлыгы менен тааныша ала турган этникалык ресторан ачуу менен түрдүү маданияттар ортосундагы чыныгы көпүрө болуп калды.

Чет өлкөнү шырдак менен багындырган Жаңыл Баишева

Кийиз, шырдак кыргыздын материалдык улуттук баалуулуктарынын бири. Дал ушул баалуулуктарды муундан муунга үйрөтүп, атүгүл бүткүл дүйнө жүзүнө таанытып жаткан Жаңыл Баишева 29 жылдан бери бул ишти аркалап келет. Жаңыл Баишева …

Ишкерлер күнү: «Кесиптик лицейдин жаштары келечектеги ишкерлер болууда»

Кесиптик билим берүү тармагынын окуучулары, келечекте өлкөнү өнүктүрүүчү ишкерлер болуу мүмкүнчүлүгү бар.  Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайлары, айыл чарба ишканалары үчүн жана башка заманбап кесиптер боюнча квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу жайы …

«Жардам Талас» демилгелүү фонду айымдарга киреше тапканга шарт түзүүдө

30 жаштагы Талгат кызы Жылдыз 6 жылдан бери “Жардам Талас” демилгелүү фондду жетектеп, кайрымдуулук иштерди жасап келет. “Жардам Талас” фонддун жаш ыктыярчыларын, үйдө отурган үй кожейкелерин жумуш менен камсыздап турат. …

Элетте чакан ишкерлик кылганга мүмкүнчүлүктөр бар

Жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдары элет жерлеринде айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктѳрүн жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп келишүүдѳ. Аялдарды муктаждыктардан чыгаруу аракеттерин кѳрүп, ишкердик кылууга мүмкүнчүлүктѳрдү түзүп келишүүдѳ. Барскоон айыл аймагында 2022-2023 жылга карата …

Элеттик айымдар салттуу кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп киреше табууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын жумушсуз айымдары “Эл ичи-өнөр кенчи” долбоорунун алкагында окуулардан өтүп киреше табуу жолдорун өздөштүрүүдө. Долбоордун максаты жумушсуздукту жоюудан башка салттуу кол өнөрчүлүктү муундан …

Календула менен ишкерликти баштаган Сайрагүл

 Календула дегеле кооздук үчүн эле эмес, дээрлик дарычылык касиети жана пайдасы менен актуалдуу. Анын гүлүн сатып ишкерлик кылуу менен сабагынан малга жем даярдаса да болот.

Оттук: Тигүү цехин иштеткен Аскар

Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Аскар Акунов тикмечилик менен алектенет. Өзү гана иштебестен үйүндө бош отурган кыз- келиндерди да иштөөгө чакырат. Аскар Акунов акыркы он жылдан бери бул багыт …

Жардамдашуудан баштап киреше тапканды үйрөндүм!

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Нуржамал Ибраимова ашпозчулук менен эки жылдан бери алектенип келет. Ал тойлорго, азык-түлүк дүкөндөргө буйрутма алып тамак-аш, салаттарды, токочтун түрлөрүн жасайт.

Оттук: Айылда сүттүн баасы арзандады

Бүгүнкү күндө Нарын районуна караштуу  Оттук айылында тургундар сүттү литрин 24 сомдон сатып жатканы маалым болду. Бул күнүмдүк эле көрүнүшпү же болбосо сүттүн баасы арзандап жатабы?

Онлайн сабак берүү аркылуу киреше табуу маанисин колдон

Оттук айылынын тургуну Адель Эсенгулова айылда онлайн тиркемелеринде балдарга чет тилин үйрөтүп келет. Анын онлайн курс ачуусуна ата-энелер себеп болгон.

Тогуз-Торо: Аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди

Тандалган үй-бүлөлөргө акчалай сертификаттарды райондук администрация башчысы аким Мирлан Карагулов, орун басары Гулжамал Султангазиева, Социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Арун уулу, Көк-Ирим …

Ар тараптуу ишкердик кылган үй-бүлө

Чолпон айылынын тургуну, эл агартуунун отличниги, тарых мугалими Галия Сыдыкова үй- бүлөсү менен көптөгөн иштерди аркалап келишет. Бул айым балдарга билим берүүдөн тышкары үй-чарбачылыгы, багбанчылык, бөлмө гүлдөрүн өстүрүү менен да алектенип …

Шаршемби
24 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...