Жаздын келиши менен багбандар көчөттөрдү отургузуп башташат. Бактын өсүп-өнүгүшү, түшүмдүүлүгү көчөттү туура тигүүгө байланыштуу. Андыктан аларды тандоо, пландоо, киреше булагына айландыруу туурасында айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов айтып берет.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.