Кара-Суу орто мектебинде Жайыл районунун мектептеринин профсоюз лидерлеринин семинары болуп өттү. Анда ар бир профсоюз комитеттерди өз мөөрлөрүнө ээ болушту.
Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Ага мугалимдер жана окуучулар менен катар ата-энелер да катышууда.
Жайыл районундагы Кара-Балта суу сактагычына май айындагы көп жааган жамгырдан 9-10 куб суу кирип, чыгышы 5-6 куб болуп, абал кооптуу болууда. Бул абал тууралуу суу сактагычтын көзөмөлдөөчүсү, Жайыл районунун УОСунун кызматкери, …
Кара-Суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жатышканын билүү үчүн аларды кепке тарттык.
Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бүтүрүүчүлөрүдөн алсак. Кара-Суунун бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайга тапшырат? — Мен Нурбеков Сыймык, азыркы учурда Кара-Суу орто мектебинде 11-классында окуп …
Кара-Суу айылынын тургуну, саяпкер Эсенбек Молдобеков 9-майда Новониколаевкада болуп өткөн чоң ат чабышка катышып, айылга дагы бир төө утуп келди.
«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү 2-майда Бишкек шаарында жайгашкан Клооп Медиа коомдук фондунда долбоор жазуунун эрежелери боюнча тренингге катышып келишти. Ага аталган медиа борбордун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор …
Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен сиздерге улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эр жүрөк Кара-Суу айылынын кулуну Алиев Иса тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты ардагер чоң атабыздын кичүү баласы Алиев Алмаздан алсак.
Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен бүгүн биз сиздерге Салый Жамгырчиев тууралуу айтып бермекчибиз.
Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын фронтовиктери тууралуу айтып бермекчибиз. Айылыбыздын фронтовиктеринин бири улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Макеев Молдобек тууралуу маалыматты баласы Молдобеков Эсенбектен алдык.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаз келээри менен кант кызылчасы айдалат. Айыл тургундарына суроо узатып, быйылкы сезондун башталышы тууралуу ойлорун билип көрдүк.
5-май — Кыргыз Конституциясынын күнү — майрам күн. Конституция деген эмне? Биздин конституция качан кабыл алынган? Мына ушулар тууралуу Кара-Суу айылынын мугалимдерине жана айыл тургундарына суроо узаттык.
Жайыл районунун Алексеевка айылында Тажикстандын Мургаб районунан келген кыргыздар жашайт. Алардын бири89 жаштагы Дөңкөбай Эгемкулов менен маекти сунуштайбыз.
Кара-Суу орто мектебинде аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын кандай өтүлүп жаткандыгы тууралуу кеп курмакчыбыз. АЧД сабагынын мугалими Азаркулов Нурадил менен маектештик.
Жайыл районунун Жайыл айылында туулуп өскөн Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» коомдук уюмдун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти сунуштайбыз.
Жайыл районундагы «Жыл мугалими-2016» конкурсунун жеңүүчүсү Гүлмира Абдылдабекова тууралуу айтып бермекчибиз.
Кара-Суу айылы дыйкан менен малчылардын айылы. Ошол себептүү биз сиздерге айылыбыздын жаш фермери, малчысы Ибраимов Эмил тууралуу айтып берели.
Жакында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кара-Суу айыл өкмөтүндө болуп, өкмөттүн төрайымы Насипа Жээнбаева менен айыл көйгөйлөрү тууралуу маек куруп келдик.
Кара-Суу айылынын чоң көйгөйлөрүнүн бири спирт ичимдиги. Тойлордо көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу сөздөр болууда.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак. Кара-Сууда Нооруз майрамы белгиленди