Апрель айынын башында Кочкор районунда медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өткөн. Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Кочкор жамааттык мультимедиа борбору өткөргөн. Семинар жергиликтүү тургундарга арналган жана катышуучулар фейк маалымат жана …
“Соӊ-Көл” орто мектебинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча эркек балдар арасында чогулуш өткөрүлдү.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата чакан иш- чара болуп өттү. Ага 5-6-7-класстын окуучулары катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучусу мектептин китепканачысы Гүлшайыр Калпакова эсептелет. …
Кочкор районунун Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде, мектептин айланасын жашылдандыруу максатында «Бир адамдан бир көчөт» акциясы старт алды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
11-апрелде Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум болуп өттү. Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын №4150 шайлоо тилкесинде шайлоочулар өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.
11-апрелде Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Референдум күнү болуп өттү. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын № 4131 шайлоо тилкесинде шайлоочулар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Кочкор районунда шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар жана медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болду. Иш-чарага айыл тургундары катышып, фейк жана анын коомдук турмуштагы ролун, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулашты.
2021-жылдын 25-март күнү Кочкор ройонунун Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында Германия кызматташтык уюму тарабынан жаштарга арналган тренинг болуп өттү.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду.
Нооруз майрамына карата Төлөк айылында чакан иш чара уюштурулду. Иш- чарада улуттук оюндар ойнотулуп, аныкталды.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам окуу класстары жетишпейт. Айылдагы 240 орундуу жалгыз мектепте учурда 650 окуучу билим алууда.
Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында мына ушул улуу баян боюнча Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында «Манас таануу» интеллектуалдык таймаш өтүп, «Соң-Көл» орто мектебинен куралган «Мурас» тобу облустук турга жолдомо алып …
Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Төлөк айылында чоң масштабдагы кыргыз элинин улуттук оюну көк бөрү болуп өттү. 5 айылдан тандалып алынган мыкты командалар келип, өз айылдарынын намысын татыктуу коргошту.
COVID-19 вирусу күч алгандан баштап, өлкөбүздөгү бардык мекемелер иштебей калган. Ал менен утурлай эле, Кочкор районунун Төлөк айылындагы бала-бакча жана мектеп өз ишин токтотушкан. Азыркы учурда «Фаризат» бала-бакчасы бөбөктөргө кайрадан …
Кочкор районун Төлөк айылында түзүлгөн көк бөрү боюнча «Соң – Көл» командасы 1-февралда ынтымак оюн өткөрүштү.
Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде 2-февраль күнү «Суулуу саздак жерлер жана суу» деген темада Каратал-Жапырык коругу кызматкерлери тарабынан дилбаян жазуу сынагы болуп, жыйынтыгы чыкты.
Кочкор районунун Кара-Суу айылында таштанды төгүүчү жай айылга жакын жайгашкан. Айыл тургундары көп убакыттан бери нааразычылыгын билдирип келишет. Себеби, желим баштыктар учуп, малдын терилери, тарптар баары ушул жерге төгүлөт. Бул …
Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде этно стилиндеги парк курулду. Бул паркта тарыхый балбал таштар, ата- бабалар колдонуп келген таш буюмдары коюлуп, тегереги корулган.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …
2020-жылдын 19-августунда UNESСO, тарабынан өткөрүлгөн республикалык конкурста Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Зарина Джумабекова жеңүүчү болуп аныкталды.