“Кызыл Ай” коомунун окуулары улантылууда. Бул жолкусунда Куланак айылындагы ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылдагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7-классынын окуучусу Бексултан Исагаалы уулу ыр жазган таланты бар. Жаш калемгер окуучунун жан дүйнөсүнө баш бактык.
Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.
Нарын райондук драма театрынын актёрлору «Чыпалак бала» жомогун жер-жерлерде коюп жатышат. Бул жолу алар Куланак айылына да келишти.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын айрым тургундарына долбоордун негизинде гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Долбоорду айыл өкмөтүнүн адиси Ишенбек Асанбаев жазган.
16-20-январь аралыгында келип түшкөн беш материалдын ичинен жеңген макала: Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти Материал фейсбукта жана одноклассникиде. 23-27-январь аралыгында сынакка жазылган үч жаңылык тең жеңүүчү деп табылып, байге …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында аз кандуулук менен ооругандар көп катталууда. Бул боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асановага кайрылып, аз кандуулуктун кантип алдын алса болоору тууралуу сурадык.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургундары Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардан автомашина жасашты. Машинанын айкелин алар 20 күндө жасап бүтүшкөн.
Кыргызстандын жаңы дайындалган билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 20-январда Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Нарын өрөөнүндө суук катуу болгондуктан, мындан ары окуу улантылабы-жокпу …
Нарын районунун Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы -40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу материалыбызды сунуштайбыз.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын башчысы 17-январь күнү Куланак айылында отчёттук жыйналыш өткөрдү. Жыйналышка эки айылдын тургундары келип катышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.
Нарын районунун Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат мелдеши болуп өттү. Аны Жусуповдун балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.
Бүгүнкү каарманым спорттун бир түрү боюнча бир катар ийгиликтерди жаратып келет. Нарын районунун Куланак айылынын кичинекей тургуну жакында эле Иран мамлекетине барып келди.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 25-декабрь күнү волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешти айылдын «Аккулан» жаштар уюму демөөрчү болуп уюштурду.
Учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районунун Куланак айылында СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери жана медицина кызматкерлери катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.
Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды. «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары бул күнү эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.
Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.