Учкун айыл өкмөтүнө караштуу №1 Куланак Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунда сасык тумоого каршы эмдөөлөр жүрүп турат. Учурда гриппке каршы «Гриппол» вакцинасы жок, бирок каалоочулар өздөрү сатып келип алып кеткен учурлар …
Куланак айылында түшүм майрамы белгиленди. Ал айылдагы Абдылда Аралбаев мектебинде салтанаттуу түрдө ачылды. Түшүм майрамы Куланак айылында 30 жыл ичинде алгачкы жолу өткөрүлдү.
Учкун айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Ага жергиликтүү кеңештин 20 депутаты катышып, күн тартибинде 5 маселе каралды. Сессия ачык өтүп, катышууну каалаган айыл тургундары үчүн атайын орундуктар даярдалган.
Учкун айыл өкмөтүндө турак жайларды камсыздандыруу 2018-жылы башталган. Анын бирден — бир максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы болуп саналат. Куланак айылынын тургундары …
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы “Куланак” насосу 3 айылды сугат суу менен камсыз кылып келет. Бирок каналдын ичин камыш, талдар басып, суу берүүдө тосколдуктар жаралган. Учурда жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө кышка даярдык көрүү боюнча таш көмүр тартууга тендер жарыяланаган. Бирок бүгүнкү күндө айылга көмүр тартылып келе элек
Нарын районуна караштуу Куланак айылында мал-жандыктардан анализ алуу иштери жүргүзүлдү. Буга себеп айыл тургундары арасынан бруцеллёз менен ооруп жаткандар катталды. Куланак айылындагы №1 Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы бруцеллёз …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.
Нарын районунда жайгашкан 33 мектеп 15-сентябрь күнү эшигин ачып, салттуу окутууну баштады. Бирок, Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби гана балдарга онлайн форматта билим берүүдө.
Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде тегерек стол өттү. Тегерек столдун максаты Сovid – 19 га каршы Синофарм вакцинасы тууралуу эмнени билүү керектигин айыл тургундарына туура маалыматты жеткирүү болду.
Нарын обласы жана Нарын районунда жайгашкан мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилердин күз, кыш мезгилине даярдыгы боюнча текшерүү комиссия менен жүргүзүүлүдө.
Нарын районуна караштуу Куланак айылына жакынкы арада ГЭС курулганы турат. ГЭС куруучулар айыл тургундары үчүн сугат суу үчүн канал куруп берүүнү убада кылып келишет. Эгер канал курулуп, ишке кирип калса …
Окуу жылы жакындаган сайын балдарды мектепке даярдоо ар бир ата – эненин биринчи орундагы маселеси. Учурдагы кымбатчылык пандемия абалында бул көйгөйдөн кантип чыгып жатканы жөнүндө айыл тургундарынан билип көрдүк.
Нарын облусу тоолуу болгону менен Нарын районуна караштуу Куланак айылы жемишке бай. Бышыкчылыктуу жактан келген багбан 9 жылдан бери айыл элин таңкалдырып келет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Тамара Жумакаева атындагы маданият үйү пандемияга байланыштуу маданий иш- чараларды тар чөйрөдө өткөнгө аракет кылып келет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынан чыккан таштандылар айыл четиндеги бак терек чөлкөмүндөгү полигондо орун алган. Таштанды полигонуна жарактан чыккан тиричилик буюмдары, бөтөлкө, мал терилери, курулуш калдыктары жана от жагуудан чыккан …
Нарын районуна караштуу Куланак айылында өнөкөт оорусу бар бейтаптарда вакцинация алууда активдүү катышып жатышат.
Республика боюнча эмдөө иштери жүрүп жаткан учурда социалдык медиалардан аркандай маалыматтар таркатылып жаткан мезгил. Элге маалыматты туура жеткизүү үчүн Учкун айыл аймагынын башчысы элге социалдык медиалардан кайрылуу жасады.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 2021 — жылдын март айларынан баштап айылда мобилдик топ иш алып барып келет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында ковид жана пневмония менен кайрылгандар каттала баштады.