Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.
Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.
Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери вакцинанын 3-түрүн алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 70-80% студенттер эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда абал туруктуу. Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Сонунгүл Рахманова: …
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган айыл тургундары жана жаштары биргеликте Кызыл-Кыя шаарына кеткен жолдун бөлүгүн кеңейтүү ишин башташты.
Кулатов айылында мектептер аралык «Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз» аттуу тамашоу өткөрүлдү. Жалпы 7 команда катышты. Жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө 3 орун берилип грамоталар менен сыйланышты.
Кулатов айылында омикрон штамы менен ооругандар көбөйүп жатат. Алардын көпчүлүгү үй шартында дарыланып жатат. Айылда вакцинациянын 3 түрүн алуу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы оорунун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 100 …
Күйүүчү майдын, азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 …
Кулатов айылында Covid-19 оорусу абал туруктуу. Эмдөө жүргүзүлүп жатат. Айылда пневмония менен ооругандар көп болду. Азыркы учурда грипп оорусу жүрүп жатат.
Кудатов айылында жаш балдардын арасында азыркы учурда айылда сасык тумоо оорусу жүрүп жатат. Айылда балдар бакчада, мектептерде санитардык абал талапка жооп берерлик. Маал- маалы менен тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ковид илдети өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн коопту экени белгилүү болгон. Вирустан каза болгондордун 80% өнөкөт оорусу бар экендиги маалым. Жал айылдык номер 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына эмдөөнүн 3-түрү …
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында көптөн күткөн футбол аянтчасынын курулуш иши аяктады.Футбол аянтчасы заманбап үлгүдөгү, баардык шарттары менен камсыздалган.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында Covid-19 оорусуна караганда айылда пневмония менен ооруган учулар көп катталды. Пневмония оорусу менен көбүнчө өспүрүм балдар ооруду дейт медайым.
Кулатов айылында спорттун эркин күрөш багыты боюнча 200 окуучу катышат. Жетишкендиктери арбын. Бирок толук кандуу машыгуу үчүн балдарга зал жетишсиз. Учурда машыктыруучу жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул ма маселени чечүү …
Кулатов айылында айлана-чөйрөнү тазалоо максатында 4-декабрь ишембилик болду. Ишембиликке жалпы айыл тургундары жана мугалимдер катышты.
3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Кулатов айыл өкмөтүндө иш- чара болуп өттү. Иш- чарага жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундары келип катышты. Аларга белектер берилип, чакан концерттик программа көрсөтүлдү.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айылына эл тарабынан алынган тез жардам унаасы №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына алынып келип элге кызмат көрсөтө баштады. Айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгону менен …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылындагы «Баглан» орто мектебинин филиалы болгон жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Мектеп башталгыч класстар үчүн 100 балага ылайыкташтырылган.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Орто-Сай жана Таканай-Сай сайларына коопсуздук үчүн таш төшөлүүдө. Бул аракет жергиликтүү элдин короолорун жана бактарын коркунучтан арылтуу максатында башталды.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.
Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.