Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары жыл сайын койлорду купкага салышат. Бул жылы жаз жыйырма күнгө эрте келгендигине байланыштуу жайлоого эрте кетип жатышат. Бүгүн эртең менен айылдын малдарын купкага салышты.
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу купка үч жылдан бери колдонулуп келет. Купка ишке берилгенден бери, жергиликтүү тургундарга бир топ жеңилдиктер пайда болгон.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мал жандыктарын купкага салуу боюнча долбоор жүрүүдө. Мурда айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып кой жандыгын дарылатып келишчү.